Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 22.05.2014 16:07

Алай районунда грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү

Turmush -  Ош областынын Алай районунда Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примовдун демилгеси менен грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнир өттү, деп билдирди Алай райондук администрациясынын басма сөз кызматы.

Турнирдин ачылыш аземине Пекинде өктөн дүйнөлүк олимпиада оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Канат Бегалиев, КР каржы министринин орун басары, КР грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов, Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Максатбек Зикиров катышып, республика боюнча баардык аймактардан келген командаларга ийлигик каалашты.

«Бул мелдешке 24 кг салмактан 63 кг салмакка чейинки жаш өспүрүмдөр катышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө жана калыстарга да баалуу жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды», - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×