Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуАлай району 06.05.2014 09:28

Алай районунда турак үйдөн өрт чыгып, күйүк жаракатын алган жаран ооруканага жеткирилди

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылында Ж.Матураимов деген жаранга таандык үйдөн өрт чыгып, баласы күйүк жаракатын алды.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, жыгач устундуу шифер жабылган аянты 90 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 46 чарчы метр жыгач полу, 6 даана терезе, 4 даана эшик, үй мүлкү күйгөн.

Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунанөрт чыккан жерде 1985-жылы туулган Матураимов Талант (баласы) колунан күйүк жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×