Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуАлай району 01.05.2014 13:41

Алай районунун акими тогуз коргоол боюнча өткөн республикалык сынактын жеңүүчүсүнө 5 миң сом тапшырды

Turmush -  Кечээ, 30-апрелде Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Таалайбек Сарыбашов тогуз коргоол оюну боюнча республикалык сынакта биринчи орунга ээ болгон Алай районунун Корул айыл өкмөтүндөгү Ж.Орозов атындагы орто мектебинин 11- классынын окуучусу Дүйшөнкул кызы Кулпунайды кабыл алды.

Спорттун тогуз коргоол түрү боюнча сынакта жетишкен ийгилиги үчүн аким Таалайбек Сарыбашов ага 5000 сом сыйлык тапшырды.

Ошондой эле ал жеңүүчү Дүйшөнкул кызы Кулпунайга ушул жылдын октябрь айында Казакстанда тогуз коргоол боюнча боло турган эл аралык мелдеште Кыргызстандын намысын коргоодо ийгиликтерге жетишишин каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×