Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 29.04.2014 14:37

Алай районунун акими Т.Сарыбашов республикалык спартакиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алды

Turmush -  Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов кечээ, 28-апрелде Бишкек шаарында окуучулар арасында спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча 2-республикалык спартакиадасында 3-орунду алып келген Алай районунун мектептеринен куралган окуучуларды жана жетектеп барып келген мугалимдерин кабыл алды.

Райадминистрациянын басма сөз кызматы маалымдагандай, аким Т.Сарыбашов окуучуларды жеңиши жана алган сыйлыктары менен куттуктады.

Аталган спартакиада Ош областынын атынан барган Алай районунун мектеп окуучулары спорттун аскердик колдонмо түрлөрү боюнча 2-республикалык спартакиадасынын кубогу, ар бири медал жана грамоталар менен бирге пневматикалык мылтык менен сыйланышкан.

Ошондой эле Алай райондук аскердик комиссариатынын өкүлү Куланов Сагын медаль, Молдокулов мектебинин аскерге чейинки даярдоо мугалими Асанов Билим жана илим министрлигинин диплому жана Отунчиев мектебинин аскерге чейинки даярдоо боюнча жетекчиси Раимкулов Таалайбек Коргоо министринин грамотасы менен сыйланып кайтышкан.

алай

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×