Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 21.04.2014 13:52

«Алай» командасынын спорт айдыңында өз орду бар, - Ирактын «Эрбил» командасынын машыктыруучусу

Turmush -  Кыргызстандын «Алай» командасынын спорт айдыңында өз орду бар, аны күчтүү же күчтүү эмес деп айтууга болбойт, деп билдирди Ирактын «Эрбил» футболдук курама командасынын машыктыруучусу Аюб Од Барчан бүгүн, 21-апрель күнү Ош шаарында журналисттерге берген маалымат жыйынында.

Анын айтмында, «Алай» командасы менен «Эрбил» командасынын мелдеши эки өлкөнүн достугун чындайт жана оюн спортчулардын кесипкөйлүүлүгүнө өбөлгө түзөт.

«Команданын жеңишке жетүү үчүн ишеничтери чоң жана мындан ары да жогорку оюндарды ойной бермекчи», - дейт машыктыруучу.

Белгилей кетсек, эртең, 22-апрелде Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы спартакиадада «Алай» курама командасы менен Ирактын «Эрбил» командасынын футболдук беттеши болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×