Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуАлай району 19.04.2014 12:38

Алай районунда окуучулар арасында футболдук турнир болуп, жеңүүчүлөр 5 миң сом сыйлык алышты (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-апрелде Алай районунун борбордук стадионунда 1997-1998-жылы туулган окуучу балдардын футбол боюнча областык турнири болуп өттү. Бул тууралуу райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Турнурдин ачылышына Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов катышты. Ошондой эле турнирдин жеңүүчүлөрүнө 5 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Турнирдин жүрүшүндө 2002-2003-жылы туулган Алай жана Ош шаарынын жаш өспүрүмдөрүнүн арасында 0:0 эсебинде жана кыздардын Алай - Кара-Суу командаларынын беттешүүсү 0:0 эсебинде аяктады.

Ошондой эле турнирдин жыйынтыгы боюнча биринчилигине Алай жана Ош обласынын курама комндалары 0:2 эсебинде оюн көргөзүшүп, Ош обласынын курама командасы биринчи орунга, Алай командасы экинчи орунга ээ болушту.

Ал эми 3-4-орунга Араван жана Ош шаарынын командасы оюн көргөзүшүп, 3:0 эсебинде Араван футболдук командасы утуп чыкты.

Турнирге Ош шаарынын жана Ош обласыныны курама командалары жана Араван, Кара-Суу, Нариман айыл өкмөтүнүн Кызыл-Мээнет, Алай Алай районунун футболдук командалары катышышты.

алай5

алай7

алай2

алай8

алай9

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×