Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 25.03.2014 10:39

Алайда «Кургак учук айыгат» урааны алдында жөө жүрүш өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 24-март - Кургак учукка каршы күнүнө карата «Кургак учук айыгат» урааны алдында Алай районунда жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

«Алай таны» гезитинин кабарчыларынын айтуусунда, жөө жүрүш Алай райондук мамлекеттик администрациянын алдынан башталды. Акциянын башталышында Алай райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Максатбек Зикиров, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Адил Алимкулов, райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун алдындагы ден-соолукту чыңдоо бөлүм башчысы Зулпия Малтабарова сөз сүйлөшүп, кургак учук социалдык оорулардын катарын толуктап турган жугуштуу оору экендигин, эгерде аны алдын алса ал толук айыгарын айтышып, калк ден соолугу үчүн пайдалуу, керектүү кеңештерди, брашюраларды, плакаттарды таркатышты.

Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жана анын алдындагы ден-соолукту чыңдоо кабинетинин жетекчилеринин демилгеси менен уюштурулган бул жөө жүрүш көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Жөө жүрүш райондун борборунан бир топ алыс аймакта жайгашкан кургак учук бөлүмүнө чейин улантылды. Бул жерден аларды аталган бөлүмдүн башчысы, фтизиатр-дарыгер Кушубак Жолдубаев баш болгон медицина кызматкерлерин, анда жаткан бейтаптар тосуп алышты. Концерттик программа менен коштолгон жөө жүрүштүн уюштуруучулары тарабынан ооруканада жаткан бейтаптарга күндөлүк азык-түлүктөр тапшырылды. Гүлчө айылындагы «Адишер» жамаатынын башчысы Бактыгүл Үсөнова сыяктуу өнөрпоздор бейтаптарга кичинекей наристелердин колго токулган байпактарын белекке берди.

Аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Кушубак Жолдубаевдин маалыматына ылайык, учурда ооруканада 13 адам дарыланууда. Аларга тийиштүү бардык шарттар түзүлгөн. Жөө жүрүшкө Алай райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна кызматтык жана «Тез жардам» автоунаалары тартылды.

IMG_6227_1

IMG_6143

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×