Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуАлай району 19.03.2014 18:26

Алай районунун бир катар айылдарында Нооруз майрамы белгиленип, кол өнөрчүлүк, тамак-аш боюнча көргөзмөлөр болуп өттү (фото)

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө, Жошолу, Алай, Бүлөлү, Будалык айылдык аймактарында бүгүн, 19-мартта Нооруз элдик майрамы болуп өттү, деп билдирет райондук мамадминистрациянын басма сөз кызматы.

Жошолу айылдык аймагында кыргыз элинин боз үйлөрү тигилип, жамааттардын кол өнөрчүлүк, тамак-аш боюнча көргөзмөсү, айылдык маданият үйүнүн таланттарынын концерттик программасы тартууланып, Кыргыз элнинин улуттук оюндары оодарыш, күрөш, аркан тартыш, кол күрөш жана ордо оюндары көргөзүлдү.

Майрамдык салтанатка Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Таалайбек Сарыбашов Насырбекович жана райондогу мекемелердин жетекчилери катышышты.

Майрамдык салтанатта райондун социалдык-экономикалык абалын жогорулатууга кошкон салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкан айыл өкмөтүнүн жетекчилери жана айыл өкмөтүнүн жарандарына Алай райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары жана ар бирине миң сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле майрамдык салтанат 18-март күнү Үч-Дөбө айыл өкмөттүндө майрамдык салтанат өзгөчө шаң менен өткөрүлдү. Майрамдык салтанатта Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдары, балдар бакчасы, Курманжан Датка коомдук фонду жана башка жамааттардын кыргыз элинин улуттук буюмдары жана улуттук тамактарынын көргөзмөсү болду жана ошондой эле кыз жигиттердин сармерден оюн-зоок ыр күлкү, маданий концертик программалары Үч-Дөбө айыл өкмөтүнүн элине тартууланды.

Майрамдык салтанатка ЖК депутаты Кутушев Абдыманап Орозбаевич жана Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Талаайбек Насирбекович Сарыбашов катышышты.

fkfq1

fkf3

fkf5

fkf6

fkfq7

fkfq9

fkf4

fkf2

fkfq

unnamed

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×