Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуАлай району 21.02.2014 09:42

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаажолуна кар көчкүсү түштү

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кечээ, 20-февралда саат 20:00 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаажолунун 74-чакырымында (Бука-Көл тилкеси) жана 82-чакырымында (Көк-Көл тилкеси) болжол менен 10 жерден кар көчкүсү түштү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Көчкүнүн көлөмү болжол менен 4896м³ түздү. Кар көчкүнү тазалоого ЖЭМ-26 тарабынан 2 жүктөгүч тартылып, саат 22:40да унаа жолу бир багытка ачылды.

Учурда кеңейтүү иштери улантылууда.

Эске салсак, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаажолунда аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2014-жылдын 30-январындагы №5 буйругунун негизинде, саат 18:00дөн саат 08:00 чейин унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×