Turmush — Кемин шаарында Айт майрамга карата аз камсыз 150 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Азык-түлүк Кемин шаардык кеңешинин атынан мэрия менен биргеликте таратылды. Иш-чарага аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү катышып, жергиликтүү тургундарды Рамазан айы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтып, баталарын беришти.
Кемин шаардык кеңешинин төрагасы Кубат Мамыровдун айтымында, иш-чарага айыл аксакалдары атайын чакыртылган.
«Өлкөбүз кырсыктар, оору-сыркоодон алыс болсун, эл-жерибизди Кудайым колдосун деген ниетте бул иш-чара өткөрүлдү. Учурдан пайдаланып, Кемин шаарынын тургундарын, жалпы эле кыргыз элимди Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Ар бирибиздин үйүбүздө тынчтык, токчулук болсун. Тилегеним, коронавирустан ушуну менен биротоло чыгып, элдин башына мындай илдет келбесин», - деди ал.