Turmush — Кыргыз-Өзбек университети 2020-2021-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт.
Аталган окуу жай 1994-жылы Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи болуп ачылган. 1997-жылы окуу жайга Кыргыз-Өзбек университети макамы берилген. Университет Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин 11 лицензиясына ээ.
Кыргыз-Өзбек университети өзүнүн дээрлик чейрек кылымдык тарыхында жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча 40 миңден ашуун адистерди даярдап чыгарды.
Бүгүнкү күндө университетти экономика илимдеринин доктору, профессор, илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич жетектеп келет.
Университет кесиптик лицейден, орто кесиптик билим берүүчү 3 колледжден, жогорку кесиптик билим берүүчү 5 факультеттен жана ЖОЖдон кийинки (аспирантура, докторантура) билим берүү түзүмдөрүнөн турат.
Университетте 442 профессордук-окутуучулар курамы бар. Алардын ичинде илимдин 11 доктору, профессорлор, илимдин 68 кандидаты, доценттер бар. Улуттук илимдер академиясынын 1 академиги, 1 мүчө-корреспонденти, Илимдер академиясынын 1 академиги, 3 мүчө-корреспонденти, 40тан ашуун билим берүүнүн мыктылары жана илим-билимге эмгек сиңирген ишмерлер, дүйнөлүк масштабдагы аалым-окумуштуулар эмгектенет.
Бүгүнкү күндө университетте 12 миң 442 студент билим алат. Алардын ичинен 4 миң 574 студент чет элдик жарандар. Билим берүү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
Жогорку билим берүү боюнча күндүзгү жана сырткы бөлүмдөргө абитуриенттер республикалык тестирлөөнүн негизинде кабыл алынат.
Орто кесиптик билим берүү адистиктерине кабыл алуу университет тарабынан уюштурулган сынак аркылуу жүргүзүлөт.
КӨУ гранттык (бюджеттик), келишимдик орундарга төмөнкү багыттар (адистиктер) боюнча кабыл алат:
Каржы-экономика факультети
- 58010. Экономика (каржы жана насыя, бухгалтердик эсеп жана аудит, ишканалардын экономикасын башкаруу)/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, математика;
- 540200. Социалдык иш/ бакалавр - күндүзгү, сырткы/ негизги тест, тарых;
- 580200. Менеджмент /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, математика;
- 580500. Бизнес-информатика/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, математика.
Юридика-бажы факультети
- 530500. Юриспруденция/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, тарых;
- 530004. Бажы иши/ адистик — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, математика.
Тарых-филология факультети
- 550300. Филологиялык билим берүү (англис тили)/ бакалавр — күндүзгү/ негизги тест, англис тили;
- кыргыз тили/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, кыргыз тили жана адабияты;
- орус тили/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, орус тили жана адабияты.
- 550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых)/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, тарых.
Инженердик-технологиялык факультет
- 670200. Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, физика же математика;
- 710100. Информатика жана эсептөө техникасы/ бакалавр — күндүзгү, кечки/ негизги тест, физика же математика;
- 610300. Агроинженерия (электрдик жабдуулар жана электротехнологиялар)/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, физика же химия;
- 640200. Электроэнергетика жана электротехника/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, физика же математика;
- 570700. Костюм жана текстиль искусствосу/ бакалавр — күндүзгү/ негизги тест, чыгармачылык сынак;
- 740700. Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо /бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест , физика же химия;
- 570400. Дизайн / бакалавр — күндүзгү, сырткы/ (ЖРТ талап кылынбайт);
- 570025. Графика/ адистик — күндүзгү/ (ЖРТ талап кылынбайт).
Табигый-педагогикалык факультет
- 550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика)/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, физика же математика;
- 510200. Колдонмо математика жана информатика/ бакалавр — күндүзгү/ негизги тест, физика же математика;
- 710100. Колдонмо информатика /бакалавр — күндүзгү/ негизги тест, физика же математика;
- 550100. Табигый илимий билим берүү (химия, биология, (география - негизги тест))/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, химия же биология;
- 532000. Дене тарбия/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ (ЖРТ талап кылынбайт);
- 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы)/ бакалавр — күндүзгү, сырткы/ негизги тест, кыргыз тили жана адабияты же орус тили жана адабияты.
Университет орто кесиптик билим берүү боюнча 9-11-класстын базасында төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алат:
Медициналык колледж (11-класстын базасында)
- 060102. Акушердик иш/ окуу мөөнөтү 3 жыл;
- 060108. Фармация/ окуу мөөнөтү 3 жыл;
- 060109. Медициналык айым иши/ окуу мөөнөтү 3 жыл;
- 060101. Дарылоо иши/ окуу мөөнөтү 3 жыл 6 ай;
- 060106. Ортопедиялык стоматология/окуу мөөнөтү 3 жыл.
Кесиптик колледжи (9-11-класстын базасында)
- 260903. Тигүү кийимдерин конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы/ күндүзгү, сырткы;
- 050709. Башталгыч класстарда окутуу/ күндүзгү, сырткы;
- 050713. Башталгыч билим берүүдөгү коррекциялоочу педагогика/ күндүзгү;
- 050704. Мектепке чейинки билим берүү/ күндүзгү, сырткы;
- 050711. Социалдык педагогика/ күндүзгү, сырткы;
- 050720. Котормо иши/ күндүзгү;
- 050303. Чет тили/ күндүзгү;
- 110302 Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу/ күндүзгү, сырткы;
- 140212. Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)/ күндүзгү, сырткы;
- 190604. Автоунааларды оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө/ күндүзгү, сырткы;
- 230109. Эсептөө техникасы менен автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо/ күндүзгү, сырткы;
- 230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча)/ күндүзгү, сырткы;
- 080106. Каржы (тармактар боюнча)/ күндүзгү, сырткы;
- 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)/ күндүзгү, сырткы;
- 080107. Салык жана салыкка тартуу/ күндүзгү, сырткы;
- 030503. Укук таануу/ күндүзгү, сырткы;
- 030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу/ күндүзгү, сырткы;
- 050721. Дене тарбия/ күндүзгү, сырткы.
Ала-Бука колледжи (9-11-класстын базасында)
- 050709. Башталгыч класстарда окутуу/ күндүзгү, сырткы;
- 050704. Мектепке чейинки билим берүү/ күндүзгү, сырткы;
- 080116. Финансы (тармактар боюнча)/ күндүзгү, сырткы.
Кесиптик лицей (9-11-класстын базасында)
- 5146. Тикмечи;
- 5147. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик;
- 7443. Тигүүчү;
- 5141. Чач тарач.
Окуу мөөнөттөрү:
- жогорку билим берүү; бакалавр академиялык даражасын ыйгаруу менен (окуу мөөнөтү: күндүзгү — 4 жыл, сырткы — 5 жыл);
- жогорку билим берүү: адистик квалификациясын ыйгаруу менен (окуу мөөнөтү: күндүзгү — 5 жыл, сырткы — 6 жыл);
- жогорку жана орто кесиптик билимдин негизинде: тиешелүү курстар (окуу мөөнөтү: күндүзгү — 2-3 жыл, сырткы — 3-4 жыл);
- орто кесиптик билим берүү: 9-11-класстын базасында (окуу мөөнөтү: 2-3 жыл);
- баштапкы кесиптик билим берүү: 9-11-класстын базасында (окуу мөөнөтү: 1-3 жыл).
Кабыл алуу үчүн талап кылынуучу документтер:
- ректордун атына жазылган абитуриенттин арызы;
- университет менен абитуриенттин ортосунда түзүлгөн келишим;
- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт (көчүрмөсү);
- негизги орто, жалпы орто, кесиптик орто же жогорку билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтин түп нускасы;
- тестирлөөнүн жүрүшүндө алган баллы жөнүндөгү сертификаттын түп нускасы (колледждер үчүн зарыл эмес);
- аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү күбөлүк (көчүрмөсү);
- 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт.