Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуАлай району 24.09.2019 11:45 На русском

Алайда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Алай районундагы Жумаш Раимкулов атындагы №67 кесиптик лицейде Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач кесиптик лицейдин директору Жолдош Мурзалиев иш-чаранын катышуучуларын тил майрамы менен куттуктады. Андан кийин окуу жайдагы кыргыз тилчи мугалим Шааргүл Турдумаматова кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата доклад жасады. Ал эми студенттер кыргыз тилин даңазалаган монологдорду көркөм окушту.

Жолдош Мурзалиев мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата маданий иш-чаралар жана спорттук мелдештер өткөрүлгөнүн дагы белгиледи. Андагы жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×