Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуАлай району 08.09.2019 16:16

«Эгиздер»: Рабия менен Сафиянын кызыктуу окуялары

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Диана Бокоева 4 жолу операция жолу менен төрөгөн. Ал 5 баланын апасы. Кичүүлөрү эгиздер. Ал аймактык кабарчыга кыздары Рабия менен Сафия Бокоевалар тууралуу айтып берди.

Дарыгерлер каттоого албай коюшкан

- Кыздарым 2016-жылы төрөлүшкөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүлөрү. Мен 4 жолу операция менен төрөгөм. Ай-күнүм жеткиче Ош шаардык төрөт үйүндө жаттым. Рабия улуусу, Сафия кичүүсү. Ортолорундагы айырма 10 секунд. Эгиз экенин 2 айында билгенбиз. Шаарда бир дагы бейтапкана каттоого албай койгон. Себеби «буга чейин 3 жолу операция менен төрөгөнсүң. Эгиз болсо төрөй албайсың. Өлүм менен ойноп жатасың» деп айтышкан. Кудай колдоп, экөө тең аман-эсен төрөлдү.

Рабия 2600 грамм, Сафия 2750 грамм болуп төрөлүшкөн. Аттарын атасы койгон. Рабия амалкөй, өжөр, айтканынан кайтпайт, Сафия боорукер, ак көңүл.

Эгиздерди алмаштырып, медайымдан тил уккам

- Рабия менен Сафияны түнү менен карап чарчаганымдан катуу уктап калыптырмын. 1 жаштан өтүп калышкан болчу. Чиркей чакканынан кечинде «зеленка» сыйпап жаткам. Эртең менен туруп карасам, менин бетиме, өздөрүнүн бетине «зеленка» сыйпап салышыптыр. Ошентип бир жума үйдөн чыкпай жүргөнбүз. 6 айлык кездери, ооруканага эмдөөгө алып баргам. Экөөнү тең окшош кийиндирип койгом. Рабияга ийне сайдыртып, сооротуп жолдошума берип, андан кайра Сафияны алгам. Кабинетке кирсем эле дарыгер буга азыр эле ийне сайдык дейт. Көрсө мен кайра эле Рабияны алып кириптирмин. Ошентип «өзүңүз эне болуп туруп, балдарыңызды ажырата албайсыз» деп тил уккам.

Агам дагы эгиз балалуу болгон

- Мен эгиздеримди айырмалайм. Азыр кимиси ким экенин үндөрүнөн билем. Рабия токтоо болгондуктан дароо эле билем. Сафиянын кыймылынан билем. Себеби бир орунда турбайт, көзү да кичинекей. Туугандар болсо азыркыга чейин эле алмаштыра беришет. Чоң энеси, чоң атасы деле кимиси ким экенин сурай беришет. Азыр эки башка кийинтип баштадык. Себеби бала бакчадагы тарбиячысы да айырмалай албай, экөөнү эки башка кийиндирип кел деп суранган.

Бизде эки жакта тең тукумубузда эгиздер бар экен. 2-3 муун мурун болгон экен. Өзүм эки бир тууганмын. Экөөбүз тең эгиз балалуу болдук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×