Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусу, Ош 22.08.2019 15:47 На русском

Өзбекстандык мушкердин чыры: Беттештин калысы эмне дейт? Видео

Нурсултон Рузибоев  жана Түгөлбай Арапбай уулу
Нурсултон Рузибоев жана Түгөлбай Арапбай уулу

Turmush -  18-августта Кара-Суу шаарында өткөн эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык «WEF85 PROFFIGHT36» турниринде өзбекстандык Нурсултон Рузибоев менен кыргызстандык мушкер Алтынбек Арыкбаевдин беттешинде Түгөлбай Арапбай уулу калыстык кылган. Ал Ош облустук ички иштер бөлүмүнө тергөөчүлөр тарабынан суракка чакырылып, көрсөтмө берди. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Түгөлбай Арапбай уулунун айтымында, өзбекстандык мушкер өзүнүн инстаграмдагы баракчасы аркылуу жасаган видео кайрылуусунда байрак жөнүндө айтканы чындыкка дал келбейт.

20-август күнү өзбекстандык мушкер Нурсултон Рузибоев Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионунда өткөн турнирге нааразы болуп, өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасаган. 21-август күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгы 27 жаштагы Нурсултон Рузибоевдин видео кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштерин баштаган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, спортчу улуттук же региондор ортосундагы кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган видео кайрылуу жасаган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин негизинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) катталган.

Беттештин калысы Түгөлбай Арапбай уулунун айтымында, өзбекстандык мушкер 1-раунддун убактысы бүкөндө коңгуроо кагылганын укпай калган.

«Беттеш учурунда эл катуу сүрөп жатышкан. Убакыт бүтүп, коңгуроо кагылганы угулбай калган. Микрофон менен убакыттын бүткөнү айтылганда кыргыз мушкери Алтынбек өнөктөшүнө белги берген. Аны Нурсултон Рузибоев атаандашы жеңилди деп түшүнүп алган. Мен ага (Н.Рузибоев) абалды түшүндүрсөм, мени Алтынбекке тартып жатат деп ойлоп калган. Анын шериктери мушкерге Өзбекстандын байрагын беришти. Колунан байракты алып, кайра шериктерине ыргытып койгом. Ал жерде бир мамлекетти каралоо аракети же жек көрүү сезими болгон эмес. Ал спорттогу мыйзам ченемдүү гана көрүнүш. Эгерде менин ишимди туура эмес деп эсептесе, WEF федерациясынын президентине кайрылып, реванш алса болот», - деди Т.Арапбай уулу.

Социалдык тармактарга кыргыз мушкери Дастан Шаршеев Нурсултон Рузибоев менен WhatsApp аркылуу байланышып, октагондо беттешүүгө чакырган видеосу тараган. Нурсултон Рузибоев анын сунушун кабыл алган.

Буга чейин Алтынбек Арыкбаев да реваншка даяр экенин билдирген. Толук маалымат бул шилтемеде.

Turmush басылмасы өзбекстандык мушкер Нурсултон Рузибоев жөнүндө жазган. Толук маалымат бул шилтемеде.

Ошондой эле Turmush басылмасы өзбекстандык спортчу өз мекенинде жүргөндүктөн, тергөө иштери эл аралык Минск конвенциясына ылайык жүргүзүлөрүн жазган. Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×