Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 22.08.2019 12:38

Ош—Бишкек жолунда футбол клубу кырсыктап, оюнчу каза болду

Каза болгон И.Иманбеков (сүрөт Кыргыз премьер-лигасынын инстаграмдагы баракчасынан алынды)
Каза болгон И.Иманбеков (сүрөт Кыргыз премьер-лигасынын инстаграмдагы баракчасынан алынды)

Turmush -  Ош—Бишкек унаа жолунда «Академия-Лидер» футбол клубунун унаасы кырсыкка учурап, 1 оюнчусу каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдиришти.

Кечээ, 21-август күнү Кыргыз премьер-лигасынын алкагында Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев стадионунда «Алай» футбол клубу Бишкек шаарынан келген «Академия-Лидер» командасы менен беттешкен. Оюн бүткөндөн кийин «Академия-Лидер» клубунун оюнчулары Бишкек шаарына жолго чыгышкан.

Бүгүн, 22-август күнү эртең мененки саат 8:00 чамасында Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө «Академия-Лидер» командасынын унаасы кырсыкка кабылып, И.И. аттуу футболчунун каза болгону айтылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал автоунаанын алдында отурган.

Ал эми Жайыл РИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын маалыматына караганда, жол кырсыгы бүгүн, 22-августта болжол менен саат 7:30 чамасында Ош—Бишкек жолунун 197-чакырымында болгон. «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы Бишкек шаарын көздөй бара жаткан. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Степвэгон» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу анын келе жатканын байкабай, жолго чыга калган. Анын кесепетинен 2 унаа бири-бири менен кагышкан.

«Мерседес-Бенц Сринтер» оодарылган эмес. Дарыгерлердин алдын ала маалыматына караганда, унаа күтүүсүздөн силкинген учурда ичинде уктап бара жаткан жүргүнчүнүн моюн сөөгү сынып кеткен. Ал окуя болгон жерден көз жумган. Анын жанында отурган футболчу да башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул окуя Жайыл райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Кыргыз премьер-лигасы инстаграмдагы баракчасы аркылуу жол кырсыктан 22 жаштагы Илыч Иманбеков каза болгонун жарыялады.

И.Иманбеков 2 жыл мурун «Алай 2» командасында 6 ай ойногон. Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун «Академия-Лидер» командасында ойной баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×