Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 22.08.2019 11:46 Жаңыланды: 22.08.2019 18:16 На русском

«Балама барсам, күйөөм колумду сындырды»: Еленанын армандуу тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык бөлүмүнө 1986-жылдын 3-июнунда туулган Иязова Елена Шаршенбековна аттуу жаран өздүгүн аныктаган документтери жоктугун айтып, аларды кайра калыбына келтирүүгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Аймактык кабарчы Елена менен маектешкенде ал төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Атам Шаршенбек 1960-жылы туулган. Ал комсомолдук жолдомо менен Украинага барганда апам украин кызы Светлана Мищалькина (1969-жылы туулган) менен таанышат. 1986-жылы мен, 1987-жылы сиңдим Мишалькина Элмира төрөлгөн. 1990-жылдары үй-бүлөбүз менен Түп районунун Кең-Суу айылына чоң энемдикине келип жашап калдык. Мен 2-класста окуп жатканда, тактап айтканда 1994-жылы энем Сетлана Мищалькина бизди таштап, дайынсыз жоголуп кетти. Ошондой эле 2010-жылы сиңдим Элмира Мищалькина Бишкекке иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Экөөнү издеп, «Жди меня», «Кайдасың?» телеберүүлөрүнө кайрылдым. Бирок эч жыйынтык чыкпай койду», - дейт ал.

Елена турмушка чыккандан кийин күйөөсүнөн жабыркаганын айтты.

«2008-жылы Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылына келин болуп барып, 2009-жылы Даниел аттуу уулдуу болдук. Бишкекте жашап жүрдүк. Күйөөм баланы алып калып, мени кубалап жиберди. Балама кезигүүгө барсам күйөөм мени сабап, сол колумду сындырды. Азыркы энем Гүлнара Түгөлбаева 2018-жылы Бишкекке барып, колума протез салдырып берди. Укук коргоочуларга кайрылсак ушул кезге чейин жыйынтыгы чыга элек. Мен документтерим жоктугунан мектепти да аяктаган жокмун. Оокат кылайын десем эч бир документтерим жок. Көйгөйдөн чыгуу үчүн акимчиликтеги социалдык бөлүмгө кайрылгам. Алар мен төрөлгөн Украинанын Харьков шаарындагы төрөт үйүнөн төрөлгөндүгүм жөнүндө маалымкат сурап, ТИМ аркылуу суроо-талап жөнөтүштү. Азыркы ата-энемдин жашаган жери боюнча Түп айыл өкмөтүнө убактылуу каттоого тургузушуп, документтеримди алып берүүгө жардамдашууга айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлери мыйзамдуу аракеттерин көрүп жатышат», - деди Елена Иязова.

Азыркы энеси Гүлнара Түгөлбаева кыздар жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Эки кыз менин колума 9-10 жаштарында, Шаршенбек Иязов менен баш кошкондо келишкен. Өзүмдүн эки уулум бар болчу. 2005-жылы Мээрим Түгөлбаева аттуу кыздуу болдук. Азыр Түптө 8-класста окуйт. Елена турмушка чыкканга чейин чоң энесиникинде жана биздикинде жашап турду. Балалуу болгондон кийин күйөөсү Еленаны кодулап, кыйкым таап, колу тие баштады. Кыйноолорго чыдабай, Елена үйдөн чыгып кетүүгө мажбур болду.

2018-жылы күйөөсү Еленаны сабап, колун сындырып, протезди биз жасатып бердик. Баласына кезигүүгө барса, кылган ээнбаштыгы үчүн жооп берүүнүн ордуна кайра «сени энелик укуктан ажыратам» деп коркутуп жатат. Акыйкат издеп Түп райондук администрациясына келсек, колдон келген жардамын шыдыр эле бере баштады. Елена документтерин колго алып, бир жерде окуп же иштесе жакшы болор эле», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×