Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуАлай району 21.08.2019 21:00

Алайда айылдын аталыштары жазылган стелалар орнотулууда

Turmush -  Алай районундагы Алай айыл өкмөтүнүн кире беришине жана айыл өкмөткө караган айылдарга стелалар орнотулууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Жумабек Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, Алай районунун К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө айылдын аталыштары жазылган стелалар жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулуп жатат.

«Сопу-Коргон айылына да аталышы жазылган, глобусу бар, түнкүсүн күйүп турган стела орнотуп жатабыз. Жумуштар толук бүтө элек. Ал эми Терек айылына быйыл 10 жылдык, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылдын аты жазылган стела орнотуп беришкен. Мындан сырткары Сопу-Коргон айылына үстү жабылган кичи футбол аянтчасы жана Терек айылына 50 орундуу бала бакча курулууда», - деди айыл өкмөт башчы.

Аталган айыл өкмөттүн курамында 7 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×