Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 13.08.2019 12:19 На русском

Жумуштан алынган кызматкер соттон жарым миллион сом утуп алды. Окуянын чоо-жайы

Алтынай Абдраева
Алтынай Абдраева

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Орток айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Алтынай Абдраева кызматтан мыйзамсыз алынганын сотто далилдеп, 500 миң сом утуп алган. Ошондой эле кайра жумуш ордуна келген. Бирок айыл өкмөт башчысы тарабынан Абдраеваны кайрадан жумуштан алуу боюнча буйрук чыгарылган.

Алтынай Абдраева 2000-жылдан 2012-жылга чейин айыл өкмөттө социалдык коргоо адиси болуп иштеген.

«2012-жылдын октябрь айынан бери жооптуу катчы болуп иштеп келе жатам. Бул жумушка сынактын негизинде өткөм. 2016-жылы айыл өкмөт башчысы тарабынан мага 9 берене коюлуп, кызматтан алышкан. Сотко кайрылып жүрүп, Жогорку соттон утуп чыккам. Чүй облустук сотунун чечими жана Панфилов райондук сотунун аткаруу баракчасы менен 2018-жылы 1-январдан баштап азыркы айыл өкмөт башчысы Эркин Арыков мени кызматка алган. Бирок ошол кызматка алган күнү эле акимге «муну менен иштеше албайм» деп арыз жазган. Аким жыйын өткөрүп, текшерүүгө алган. Жыйынтыгында соттун чечимине каршы боло албасын билдирип, иштеше бергиле деп кеткен. Ошол 2 жыл аралыгында иштебей калган убактагы айлыгымды, жактоочуга кеткен жана моралдык чыгымдарымды өндүрүп алуу үчүн сотко кайрылгам. Ушул жылы 24-июлда мага 500 миң сомдук акча каражатын өндүрүп берүү үчүн соттун чечими чыкты. Негизи 1 млн 800 миң сомго жазганбыз. Бирок кыскартып, айлыгымды чыгарып беришкен.

Андан кийин президентибиз С.Жээнбековго, Жайыл райондук прокуратурага жана Саламактыкты сактоо министрлигине менин үстүмдөн арыз жазышып, анын негизинде мындан үч жыл мурун чыккан сыркоолук баракчалардын баары текшерилген. Ошондо Саламаттыкты сактоо министрлигинен жети кишиден турган комиссия келген. Мына ушул сыяктуу кысымдарды көрсөтүп, мени иштетпей келе жатат», - деди ал.

Ал эми жумуштан алуу боюнча чыгарылган буйрукка Алтынай Абдраева төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.

«Мага айыл өкмөт башчысы тарабынан жасалган кысым ишти соттон утуп алгандан кийин да күчөдү. Кыязы акчаны өндүрүп алат деп ойлоп жатат окшойт. Кээде мыйзамсыз иштерге мажбурлайт. Мисалы, 1 ай мурунку арыздарды каттоого алгыла дейт. Мага эч кандай интернет байланышы коюлган эмес. Эски компьютер, принтер менен отурам.

Негизи 1990-жылы архивди өткөрүп кеткем. Азыркы архивди өткөрүү үчүн Панфилов райондук архив жана бош орундарга сынак уюштуруу үчүн кадр кызматы менен иштешип жатам. Ошондой эле прокуратурадан коомдук алдын алуу борборлорун каттоодон өткөрүү тууралуу сунуш келген. Бирок интернет жок болгондуктан эч жактан маалымат ала албай, Юстиция министрлигинин Чүй облустук өкүлчүлүгүнөн кеңеш алып, мен түзгөн эмгекти көрсөтүү үчүн Эркин Улукбековичтен сурангам. Буга чейин айыл өкмөт башчысына кызматтык кат жазып киргизгем. Мындан тышкары мага иштөөгө эч кандай мүмкүнчүлүк түзбөй, эмгек шартты жолго салбай, мыйзамсыз иш-аракеттерге мени мажбурлап жаткандыгы тууралуу боюнча да кат киргизип жаттым. Бирок айыл өкмөт башчы албай койду. Айла кетип, видеотасмага тартып катты киргизсем, түртүп чыгарып койду. Телефонумду жулуп алды.

Ошентип, 2019-жылдын 31-июль күнү мен айыл өкмөт башчыбыз Эркин Улукбековичке кирип, «районго барып бүтүрүп келчү иштерим бар. Кадр кызматына барышым керек. Квалификациялык талаптарды, жоболорду иштеп чыктым. Баарын көрсөтүп, өтөбү же өтпөйбү, мекемелерге барып келейин» деп оозеки айттым. Андан кийин 1-август күнү президент С.Жээнбеков биздин районго келди. Эркин Арыков ошол жакта болду. Мен болсо тиешелүү иштеримди аткаруу үчүн кайсыл жактарга барарымды айтып чыгып кеттим. 1-август күнү түштөн кийин Панфилов райондук архивге барып, актыларды көрсөттүм. Андан кийин Бишкек шаарына Юстиция министрлигинин Чүй облустук өкүлчүлүгүнө бардым. Бирок ал күнү кеч болуп калып, эртеси эртең менен Эркин Арыковго телефон чалып, «иштер бүтпөй калды, бүгүн да барып бүтүрөм» деп айттым. Ошентип түштөн кийин кадр кызматына бардым. Андан кийин эртең менен жумушка келсем жумуш убактысында 3 саат жок деп акты түзүп, ага 2 айыл башчысы жана айылдык кеңештин төрагасы менен кол коюптур. Алар тартип комиссиянын курамында жок болчу. Ошону менен мага кызматтан алуу боюнча буйрук чыгарды. Акты түзүлгөндө мага телефон чалышкан эмес. Мен эми кайрадан бул мыйзамсыз иш боюнча сотко кайрылам. Менде тастыктоочу иш кагаздарым жетиштүү.

Ошондой эле айыл өкмөт кызматкерлеринин мыйзамсыз акчаны иштеткендиги тууралуу менин арызымды прокуратура карап чыгып, аны аныктап чыккан. Айыл өкмөттөн мыйзамсыз алынган 15 400 сом кайра төктүрүлгөн. Бул дагы мага болгон чабуулдун бир себеби болушу мүмкүн», - деди ал.

Панфилов районунун акими Мелис Раимкулов буларга токтолду.

«2018-жылы жаңы келген айыл өкмөт башчы Эркин Арыковдун кайрылуусу менен биз жооптуу катчынын ишин текшерип, кат менен жообун бергенбиз. Албетте, соттун чечимине каршы боло албайбыз. Ошондо айылда аксакалдар соту, депутаттар катышкан жыйын болуп, «үйдөгү тиричиликти жумушка аралаштырбай, ынтымакташып иштешкиле» деп жакшынакай каалоо-тилектерибизди айтып кеткенбиз.

Жооптуу катчы айыл өкмөт башчы менен кеңешип, тиешелүү мекеме, түзүмдөр менен иштеше берет. Ал эми ошол күндөрү эмне себептен жумуш орунда жок болгонун мен айта албайм. Бул жолкусу боюнча бизге кайрыла элек. Эгер кайрылышса, биз текшерүүгө алабыз», - деди ал.

Ал эми Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Арыков жооптуу катчы кызматтан мыйзам чегинде алынганын баса белгиледи.

«Баары мыйзам чегинде. Эмгек кодексинин 83-беренесинин 6-пунктунун а-бөлүмүнө ылайык эмгек тартибин одоно бузуп, 3 сааттан ашык жумуш ордунда болбогондугу үчүн кетти. Тиешелүү актылар бар. Өзүнө «макул болбосоңуз тиешелүү органдарга, сотко кайрылыңыз» деп да айттым. «Жумушка байланыштуу кызмат ордумда жок болчумун, оозеки дагы, кат менен дагы айыл өкмөт башчыга айткам» деген сөздөрү жалган.

Мага чейин 3 айыл өкмөт башчысы менен чырдашып келди. Ал соттон утуп келгенде «мен аны менен иштеше албайм деп кабыл албай койгон» дегени да жалган. Мен аны кабыл алып, иштешип баштагам. Акимге «иштеше албайбыз» деп айыл өкмөттүн эмгек жамааты кат жазган. Ошонун негизинде аким келип жыйын өткөргөн. Ал эми мыйзамсыз акча каражатын алган эки кызматкер жумуштан өз арыздары менен кетишкен жана алар алынган акчаны төлөп беришкен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×