Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуМосква району 14.08.2019 21:22 На русском

Айыл турмушу: Погончон айым А.Сатиева 12 жаштагы окуясын эч унутпайт

Turmush -  Түн ичинде ат ала качкан милициянын капитаны Айкөкүл Сатиева Чүй облусунун Москва районундагы Кепер-Арык айылынын 31 жаштагы тургуну. Ал Москва РИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү. Анын милиция кызматындагы ролу, жаш өспүрүмдөр менен иштөөдөгү ишмердүүлүгү менен аймактык кабарчы таанышты.

31 жаштагы погончон айым 1988-жылдын 11-ноябрында Москва районундагы Чоң-Арык айылында төрөлгөн. Балалык курагы, окуучулук күндөрү кичи мекенинде өттү. Атасы Уралбек менен апасы Гүлмиранын тун баласы болгондуктан эркин өсүүгө, каалаганын аткарууга шарт түзүлгөн. Ошондон улам Айкөкүлүм, орусча Луноликая дешип, саамайынан сылап эркелеткен.

«Менин укук коргоо кызматына келгеним кокустуктан же кандайдыр бир түзүлүп калган ыңгайлуу шарт-жагдайдан эмес. Тээ секелек кезимден сезимге уюп, жүрөгүмдөн туюп, кыялдан бүткөн сырларын жан дүйнөмө куюп келген сүйүктүү кесибим. Өз кесибиме сыймыктануу менен жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Кээде, өмүр жолума чегинүү жасап, жаштык күндөрүмдү көз алдыма тартам. Эсимде, анда 12 жашта элем. Жай мезгили болчу. Жайлоодон ат минип айылга жөнөгөм. Ойноок мүнөзүм кармап, күн кечтеп калганда жолго чыкпадымбы. Чындыгында менде коркуу сезими болгон эмес. Жол улай ат үстүндө келе жаткам. Бир убакта ат үркүп ала качты. Айлана караңгы. Бир колум менен тизгинди, экинчи колум менен ээрдин башын кармап тим эле учуп жөнөдүм. “Апалап” кыйкырып да алгам. Арадан канча мүнөт, канча аралык өткөнүн билбейм. Бир оокумда айыл аралай жөнөдүк. Ызылдаган иттер бирде жандай, бирде артка, алдыга өтө калышат. Бабалар “ат – адамдын канаты” дешет го. Туура экен. Учуп-желип, үй алдына келип тык токтоду. Атам Уралбек алдыман тооруй чуркап, ат үстүнөн алып бооруна кысты. Ыйлап алгам. Муундарым калчылдап, денем титирейт. Атам атты, жалынан, ак кашка маңдайынан сылап, мойнунан кучактап койду. Жаныбарым атым түшүндү окшойт. Кулактарын дирилдетип, башын ийкечилеп, буттары менен жер тепкилеп коёт. Ошондо менин коркуу сезимим ойгонду окшойт. Азыркы күндө да атты көргөндө жакын баруудан корком», - деди погончон айым.

А.Сатиева өз айылындагы Т.Базаркулов атындагы орто мектепти аяктаган соң, 2006-2009-жылдары Ж.Шабиров атындагы милициянын атайын орто окуу жайынан билим алат.

«Мектепти бүтүргөн соң, милиция болуу тилегимди орундатууга кадам таштадым. Атам жаш кезимде “кызым чоңойгондо аскер кызматкери болот” деп көп айтчу. Бирок, апам анда үн катчу эмес Милиция кызматкери болуу максатыма “кой кызым. Кыз бала кантип милиция кызматкери болсун. Күнү-түнү талаада жүрсөң, үй оокатыңды ким карайт” деп каршы чыккан. Ошондо үйдүн башка бөлмөсүнө кирип, көзүм тоодой шишигенче ыйлагам. Акырында баары өз жайыма коюшту. Көрсө кыргыз коомунда, менталитетте кыздардын укук коргоо органдарында иштөөсү сейрек кездешүүчү тура.

2009-жылы окууну аяктап, ушул кезге чейин Москва РИИБде эмгектенип келем. Андан бери 10 жыл өттү. Жакында Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан “Азамат-3” медалы менен сыйландым», - деди ал.

Жолдошу Адилет Кепер-Арык айылынын тургуну. Экөө 2 кыз, 1 уулду тарбиялашып, бактылуу үй-бүлөнүн түндүгүн көтөрүп келишет. Укук коргоо органдарында иштөөдө, өзгөчө жаш өспүрүмдөр инспекциясында бир топ тажрыйба топтогон. Кесиптештери милициянын капитаны Мээрим Тиленчиева, Аделя Жумабаева жана милициянын лейтенанты Мирлан Жунушев жана башкалар менен ой бөлүшүп турат. Өзгөчө РИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Уран Шамбетовдун көрсөтмөлөрүн так аткарып, өзү сүйгөн кесибиндеги ишмердүүлүгүн айтат.

«Бир жолу айылдан 17 жаштагы кыз жоголгон маалыматты алдым. Апасына кайрылсам, чөнтөк телефонундагы жол картасын көрсөттү. Жолдошумду автоунаасын айдатып, милициянын кенже лейтенанты Турар болуп издөөгө кириштик. Күн да кечтеп, караңгы киргенде Бишкекке жеттик. Качканга маш болгон кыз экен. Улам болжогон жерге барабыз. Таппай калабыз. Жашынып, бекинип калат. Акыры 2 саат издеп жүрүп таап келгенбиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×