Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 25.06.2019 09:12

Алайда стол үстүндөгү теннис боюнча биринчилик өттү

Turmush -  Алай районунда стол үстүндөгү теннис боюнча түштүк регионалдык чемпионат өттү. Бул тууралуу Алай райондук өспүрүмдөр спорт мектебинин жетекчиси Эргеш Мадышов билдирди.

Анын айтымында, аталган биринчилик 3 жылдан бери уюштурулуп келет.

«Мелдеште Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген 50дөн ашуун катышуучу күч сынашты. Жашы боюнча бөлүнүп, жаштар арасында, чоңдор арасында, окуучулар арасында, спорт чеберлери арасында мелдештер болду. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан медалдар, дипломдор тапшырылды», - деди Э.Мадышов.

Мелдеш 23-июнь күнү өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×