Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 21.06.2019 09:46

Машыгуу: Алайдын борбордук базарында өрт өчүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Алай районунун борбордук базарында өрттү алдын алуу боюнча машыгуу өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 20-июнь күнү Алай районундагы «Нурсултан» борбордук базарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай райондук бөлүмү тарабынан «Өрт кырсыгын өчүрүү» аталышындагы машыгуу өттү. Машыгууга Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы, соодагерлер жана жергиликтүү тургундар күбө болушту.

ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн башчысы Жумабай Калдыбаевдин айтымында, базардын ичиндеги автоунаа өтүүчү жолдордун жана электр чубалгыларынын абалы, базарда өрт өчүрүүчү шаймандар текшерилди. Ошондой эле соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×