Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусу, Нарын 17.06.2019 14:37

«Чалкамдан кетип кала жаздадым»: Жаңылыш өлүмдү уккан режиссер Т.Жакыповдун окуясы

Токтосун Жакыпов
Токтосун Жакыпов

Turmush -  Токтосун Жакыпов 1978-жылы 4-октябрда Нарын шаарында төрөлгөн. 6 жылдан бери Нарын телевидениесинде эмгектенип келет. Ага чейин жеке студия ачып, бир канча тасма тартууга жетишкен. Учурда дагы сериал тартууга жең түрүп, котормолордун үстүндө иштеп жатат.

«Орто мектепти аяктап, «Кыргызфильм» студиясында иштеп калдым. Ага чейин соода кылып, кийин сүрөтчү болуп иштедим. Андан кийин «Кыргызфильмдин» астындагы студиядан билим алып чыктым. Ошентип, «Кыргызфильмде» 2 жылдай иштедим. Жеке менчик студия ачтым. Ал кезде 3 бала болуп иштечүбүз, бир канча тасма тарттык. 3 жылдын ичинде 7 кыска метраждуу, 2 документалдык, 1 теле, 1 көркөм фильм, 3 анимациялык мультфильм, андан сырткары 2 мюзикл тартылды.

Апам ырдаганды жакшы көрчү, тилекке каршы 2016-жылы каза болуп калды. Чоң атам манасчы, төкмөлүк жайы бар экен. Ошол адамдан чыгармачылык берилди окшойт. Мен үй-бүлөдө жалгыз бала болгондуктан ата-энем үйгө келип, үйлөн деп чакырышты. Анда Бишкекте иштеп жүргөм. 2013-жылы Нарынга келип, телевидениеге жумушка орноштум. Ал кезде Б.Калыков жетекчи болуп турган. Ушул мезгилге чейин 18 автордук программа алып чыгыптырмын, бирок бир топтору жабылып калды. Себеби, көп журналисттер эки жакка кетип калышты. Жаңы жылдык мюзиклдарды тарттык. Андан сырткары Нарын телевидениесинин базасында 2 кыска метраждуу тасма тарттык. Андан кийин эле котормо менен иштеп, «Жаныбарлар дүйнөсү», «Сырдуу дүйнө» даректүү тасмаларды котордук. 3 толук метраждуу көркөм тасманы которуп чыктык («Француз тил сабагы», «Шамалдын бир туугандары», «Эки бир тууган»). Учурда дагы котормолор менен алекмин. Алдыда, жай айларында өз алдынча сериал тартууну пландап, сценарийдин үстүндө иштеп жүрөбүз. Тактап айтканда «Атанын тагдыры» деген тасма тартуунун алдындабыз, ошого демөөрчүлөр керек болуп жатат», - деди режиссер.

Ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университетинен театр жана кино режиссеру адистигин алып чыккан.

«Нарын телевидениесинде Жаныбек Карымбаев деген кесиптешибиз бар. Өзү журналист. Анын баскан-турганы, кылык-жоругу адамдын күлкүсүн келтире турган тамашакөй жигит. Ушул кесиптешибиз менен байланышкан бир окуяны айтып берейин.

Жаныбек Осмоналиев деген дагы бир кесиптешибиз бар эле. Ал киши жүрөгүнөн каза болуп калды. Оорукана жумуштун маңдайында болгондуктан кесиптештер айылдаштарына угуза албай жатышкан экен. Мен үйдө кийинип, жаңыдан жумушка чыгайын деп жатканда телефон шыңгырап калды. Алсам кесиптешибиз Рысбек Мелисбеков экен. «Токтосун байке келе калбасаңыз болбойт. Жаныбек байке каза болуп калды» деди. «Кайсынысы?» деп ойлонуп туруп калсам, «сизде туугандарынын номуру бар экен. Кабар айттырыш керек экен» деди. «Жаныбек Карымбаев же Жаныбек Осмоналиевби?» деп ойлонуп калдым. Көп өтпөй эле Турганбек Шайыков деген кесиптешибиз телефон чалып, «Жаныбек каза болуп калды, туугандарынын номуру сенде бар экен. Келе калбасаң болбойт» деп телефонду коюп салды. Анан дароо оюм Жаныбек Карымбаевге түштү. Ал бир четинен теңтушум да эле. Аябай жаман болуп, шашып эле жолго чыктым. Такси тосуп, алдына да отуруп алыптырмын. «Нарын телевидениесинин алдына чейин жеткирип коюңуз, ылдамыраак» дедим. Айдоочу «эмне болду?» деп кечке сурап туруп алды. «Жаныбек деген бала каза болуп калыптыр» деп айттым. «Тоо-ташты кыдырып жүргөн балабы? Ий, жаш эмес беле» деп кейиди. Оорукананын маңдайында кесиптештерибиз мени күтүп турушуптур. Алар менен учурашып келе жатсам эле арасында Жаныбек бар экен. «Кандайсыз?» деп келип учурашты. Аны көрүп эле чалкамдан кетип кала жаздадым. Ушундай бир ачуум менен бир чаап, «ушинтип дагы тамашалайсыңбы?» дедим. Андан соң чындыкты билгенден кийин Жаныбек байкеге жүрөгүм ооруду. Ушундай жаңылыштык болгон. Аны кийин айтып, бир топко күлүп жүрдүк», - деди ал.

Токтосун Жакыпов 2010-жылы «Кайнене» кыска метраждуу фильмин тартып, «Мыкты режиссер» наамын жеңип алган. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү, 2 эжеси, 1 карындашы бар. Өзү үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.

«Негизи адам максатына бекем турушу керек. Менин бир тууган таякем, Болотбек Жумалиев деген адам кыргыз мультфильмдеринин жаратуучулары менен бирге иштешкен режиссер. Ал адамды эстешпейт, баркташпайт. Болотбек Жумалиевдин кол алдынан чыккан 25 мультфильм бар. Тилекке каршы Ленинграддагы кино үйүнөн уруксат жок же сатып алууга мамлекет каражат бөлбөгөндүктөн ошол мультфильмдерди өзүбүздүн эфирден көрсөтө албай жатабыз. «Сандардын чатагы», «Ач карышкыр», «Чептен эрдин күчү бек» жана башкалар. Мен бала кезде эле таякемдин үйүндөгү персонаждарын көрүп, кармалап ойной берчүмүн.

Учурда кыргыз киносу аксап жатат, бирок келечеги алдыда. Гүлдөп, өсө турчу мезгили дагы келет. Кандай жол болбосун аракет гана керек.

Режиссер боло турган адам көп окушу керек. Сценарийдин үстүндө иштегенди, сүрөт тартканды билиши керек. Изденүү зарыл. Фотоаппарат менен көп нерсе алынат. Ошонун арты менен камерага өтсө болот. Адамды шыктандыра турган чыгармаларды окуп, бир нерсени элестете билүү абзел», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×