Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусу, Нарын 17.06.2019 15:07

Нарында маданият кызматкерлери волейбол менен футболдо беттешти

Turmush -  Коомдук жана саясий ишмер Т.Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата Нарын шаарында маданият кызматкерлери арасында волейбол жана футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, эки күнгө созулган бул мелдеште 4 команда ат салышып, беттешүү атаандаштыкта өттү. Волейбол боюнча оюндун жыйынтыгында 1-орунга «Маданият», 2-орунга «Театр», 3-орунга музыкалык мектеп, 4-орунга НТК командалары чыгышты.

Ал эми футбол оюнунда 1-орунду «Маданият», 2-орунду НТК, 3-орунду «Театр», 4-орунду музыкалык мектептин командасы ээледи. Жалпы командалык эсепте 1-орунду «Маданият», 2-орунду «Театр», 3-орунду НТК жана 4-орунду музыкалык мектептин командасы камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, кубок жана медаль тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×