Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуКара-Суу району 17.06.2019 12:31 На русском

«Тамак эмес, кагаз жейт»: Кол өнөрчү Н.Түмөнова жолдошунун тамашасын жана окуучусунун сүйүүсүн айтып берди (сүрөт)

Назгүл Түмөнова
Назгүл Түмөнова

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылындагы К.Момбеков орто мектебинде технология сабагын окуткан Назгүл Түмөнова окуучулары менен бирге кагаздан түрдүү гүлдөрдү, жаныбарларды жана ар кандай белектерди жасайт. Ал райондун балдар чыгармачылык борборунда «Кагаз керемети» ийримин дагы негиздеген. Назгүл айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Н.Түмөнова башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жүргөндө кесиптештери анын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусун байкашкан. Ал эми мектеп директору технология сабагынан мугалим болууну сунуштаган.

«Мектепте иштегениме 11 жыл болсо, кол өнөрчүлүк ийримин негиздегениме беш жылдын жүзү болду. Сайма сайып, шырдак шырып чоңойгом. Технология сабагынын программасында "Кагаз менен иштөө" деген тема бар экен. Окуучуларды сабакка кызыктыруу максатында кагаздан гүл, көпөлөк, куттуктоо баракчаларын жасап бергем. Окуучуларым кызыгып калгандыктан, кошумча ийрим ачууга туура келди. Бир жолу 8-мартка карата окуучуларыма "апаңарга бересиңер" деп гүлдесте жасаганды үйрөтүп жаткам. Көп гүл жасадык. Бир убакта бир окуучум класстан гүл көтөргөн бойдон чыгып, кайра гүлү жок кирип келди. Көрсө параллель класста окуган бир кызды жакшы көрчү экен, ошого берип келиптир. “Гүлдү шашып, кайда алып барып келе калдың?” десем, “өзүңүз жакшы көргөн адамыбызга тартуулайбыз дедиңиз го” дейт. Ал баланын апасы Россияда иштеп, өзү таякесинин колунда болчу экен», - деди Назгүл Түмөнова.

Кол өнөрчү жасаган буюмдарын буйрутма болгондо гана сатпаса, сатуу үчүн атайын дүкөн ачуу оюнда жок.Буйрутманы көбүнчө бала бакча, мекеме-ишканалар беришет. Окуучуларына дагы өздөрү жасаган буюмдарын сатууга уруксат берген.

«Кагаздан жасалган буюмдарды мектепте эле жасабасам, аларды үйгө көп алып келбейм. Үйгө алып келсем, жактырышып, "белекке" деп алып кетип калышат. Бир гүлдестени 1 күндө жасайм. Бирок "гүл жасайм" деп жатып башка эле нерселерди жасап жиберишим мүмкүн. Кагаздан жасалган гүлдөр көлөкө жерде жакшы сакталат жана бозорбойт. Күн тийген жерде турса, 2 жылда жараксыз болуп калат. Чаңдап кетсе, чаң соргуч менен тазаласа болот. Үйдө жолдошум мени “тамак жебейт, кагаз эле жейт” деп тамашалап, күлүп калат», - дейт Н.Түмөнова.

Кол өнөрчү 42 жашта, 1 уул, 1 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×