Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуКочкор району 17.06.2019 11:32

Генерал-майор М.Бекбоев кочкорлуктар менен жолугушту

Turmush -  Кыргыз Республикасынын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары, генерал-майор Бекбоев Мелис Сагыналиевич Кочкордун эли менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ардагерлер кеңешинин Кочкор райондук өкүлү Жеңишбек Осмоналиев билдирди.

Жолугушууга Кочкор районундагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, аскер кызматын өтөөгө бара турган жаш муундар катышты.

Генерал-майор Мелис Бекбоев 1979-1990-жылдардагы Ооганстандагы согуштун чыгуу себептерин айтып, карта аркылуу түшүндүрүп берди. Советтик аскерлердин Ооган жергесине киргизилишинин жана чыгарылышынын таржымалын түшүндүрүү менен Ооган элинин өз мекенин эмдигиче коргоп, азаттык үчүн күрөшүп келе жатканына токтолду. Советтик, анын ичинде Кыргызстандан барган жоокерлердин эрдиктери тууралуу да баяндап берди.

Жаштарды ар дайым өз мекенин коргоого даяр туруп, мекенчил болууга чакырган Мелис Бекбоев 1979-1990-жылдары Ооган жергесинде десанттык батальондун командири болуп кызмат өтөгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×