Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 17.06.2019 11:17 На русском

Баетовдогу сейил бакта таза суу чыкты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы мечиттин жанындагы сейил бактын ичинде таза суу чыгарылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен мечиттин жанындагы сейил бактын ичинде жер алдынан таза суу чыгарылды. Анын ачылыш аземине район имамы Жаныбек Жээнбеков, жергиликтүү коомдук уюмдун төрагасы Самат Асаналиев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аманбек Аалиев жана ошол айланадагы жергиликтүү тургундар катышты.

Ачылыш аземдин жүрүшүндө активист Кубанычбек Баялиев аталган долбоордун максаттары, пайдалануу багыттары туурасында баяндама жасады. Таза сууну чыгаруу иштерине демөөрчүлөр тарабынан жана жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп берилсе, мечиттин жамааты жана айыл өкмөттүн алдындагы «Таза суу» ишканасынын жумушчулары куруу иштерин аткарышкан.

Бул суу менен мечиттин жана Афган-Баткен ардагерлерине арналып тургузулган эстеликтин айланасы, ошондой эле Дөрбөлжүн аянтындагы мунара сааттын айланасы, аталган аянтта отургузулган карагайлар сугарылат. Ошол айланадагы жергиликтүү тургундар да суу алып ичишет.

Буга чейин Баетов айылынын борбордук бөлүгүндө таза суу жок болуп жашоочулар кыйналып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×