Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 17.06.2019 09:30

Ак-Талаада жол маселеси көтөрүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна иш сапары менен келген транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев бир катар көйгөйлөр менен жеринен таанышып кайтты.

Маалым болгондой, 15-июнь күнү Б.Бердалиев Баетов—Макмал автожолунун 74,6-чакырымындагы Ала-Буга дарыясынан өтүүчү көпүрөнүн абалы менен таанышты. Аталган көпүрөнүн күн батыш тарабындагы сол ныптасын катуу кирген суу жеп, көпүрө кулап калуу коркунучуна кептелген эле. Б.Бердалиев азырынча каражат жок болуп жаткандыгын, бирок кандайдыр бир жолун таап, көпүрөнү кайра калыбына келтирүү иштерин жасоого аракет көрүлөрүн билдирди.

Андан соң, орун басар Нарын—Баетов—Кош-Дөбө автоунаа жолунун абалы менен таанышып чыккан кийин акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө акимдин орун басары А.Сулайманов министрдин орун басары Б.Бердалиевге Нарын—Баетов—Кош-Дөбө автоунаа жолунун начардыгынан улам жергиликтүү жашоочулар жана айдоочулардын нааразы болуп жаткандыгын билдирип, жолго асфальт төшөө же шагыл төгүп оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл экендигин белгилеп өттү. Ошондой эле райондун автожолдорунун дээрлик басымдуу бөлүгү таш жол экендигин, бардык мезгилде кубаттуу техникалардын жардамы аркылуу сүрдүрүлүп турарын айтуу менен райондук №15 жол тейлөө ишканасынын техникалары эски болуп, жол сүрүү иштерине физикалык жактан жетишпей жаткандыгын белгилеп, техника жагынан жардам берүүнү өтүндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×