Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусуТалас району 14.06.2019 17:21

Айыл турмушу: Чебер Д.Курманбекова чий токуп, аларга жип менен ар түрдүү сүрөттөрдү түшүрөт (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Кырк-Казык айылынын 61 жаштагы тургуну Дүйшөнкүл Курманбекова чий токуп, ага сайма саят. Аймактык кабарчы айыл элине таанымал чебер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таластын Кара-Суу айылынын кызы. Учурда «Эне тилеги» фольклордук тобунда ырдайт.

«Шырдак шырам, чий согуп, чийге сайма саям, курак курап, баштыктарды тигем. Айыл элине кийимдерди кичирейтип, чоңойтуп, ар кандай кылып оңдоп берем.

Таенем жана апам кылдаттык менен иш кылган иштүү болгон. Таенем Каракөз деген апа болчу. Ал илгери тон, малакай тикчү. Айылдын баары таанышчу. Мен Каракөз таенемдин тарбиясын алып, колунда чоңойгом. Ал чоңдорго көйнөк тиксе, мен куурчакка көйнөк тигип колум көнгөн. Келин болуп келсем кайын энем дагы тигүүчү экен. Өмүрү бурчтан кийим машинеси жыйналчу эмес. Кайын энем менен 1 күндө 2 ала кийиз 1 текеймат (чакан, жука, узун кийиз) жасап койчубуз. Ал убакта килем деген жок. Ким жаңы тамга кирсе, аларга өрлүктөп алып барчубуз.

Таза жүндөрдү Конезавод айылынан алып келем. Жазгы жүндөн кийиз болбойт. Жалаң күзгү жүндөн жасап койсо катуу болуп калат. Ошондуктан күзгүсүнө жазгыдан кошуп алып жасайм. Илгери бир айылда бир боёк салган казан болор эле. Азыр андай жок. Үйдөн өзүм боёкко салып даярдап алам. Курак боюнча сыналгыдан же көргөзмөлөрдөн көрүп калсам, андан идея алып башкача кылып тиккенге аракет кылам. Өзүм толкун куракты жакшы көрөм. Көчмөндөр оюндарына эмгектеримди алып барып катышкам. Көптөрдүн кызыгуусу жаралып, суроо-талап болгон.

Чарчасам үйгө отуруп машине тигем. Чарчабасам эшикке чыгып чий станогум менен чий токуйм. Чийди токуу өзүнчө искусство, аябай кылдаттык менен жасалат. Чийлерди Нылды айылынан алып келем. Үйдө тигил жакта дагы менин эмгектерим, бул жакта деле мага керектүү буюмдарым турат. Неберелериме «менин дүнүйөм тийбегиле» деп айтып турам. Алар дагы көнүп калышты, буюмдарды чачышпайт (күлүп). Жиптерди түрлөп сатып алып келем. Микимаус, чымчык, гүлдөрдүн жана башка сүрөттөрдү түшүрүп, далай эмгектерим сатылды. Ал убакта эмгектер бааланчу эмес. 200-300 сомдон гана сатылган. Азыр баасы бир аз өйдөрөөк. Өтө ичке жип менен токулган чийлерге бугунун сүрөтүн токуйм. Заманбап баштыктарды тигем», - деди ал.

Чебер айым 6 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×