Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусу, Нарын 14.06.2019 15:42 На русском

Арбакка айланып, чиновниктин айдоочусун коркуткан Ж.Мадемиловдун мурду кантип ийгиликке жеткирди?

Жумабек Мадемилов
Жумабек Мадемилов
// Turmush

Turmush -  Актер Жумабек Мадемилов 38 жылдан бери Нарын облустук академиялык М.Рыскулов атындагы музыкалуу-драма театрында иштеп келе жатат.

Жумабек Мадемилов 1962-жылы 12-майда Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында туулган. 8-классты бүтүп эле республикалык маданий агартуу окуу жайынын үйлөмө аспаптар факультетин аяктаган. Андан кийин 1981-жылы аталган театрга жумушка орношкон.

«Биринчи музыкант катары гана театрга кирдим. Андан соң агайыбыз Алмаз Сарлыкбеков «сенин мурдуң жагып калды» деп роль берип, белгилүү актерлор, актрисалар менен ойноп калдым. Мен көбүнчө кошоматчынын ролун ойночумун.

Ошентип биринчи жолу чоң роль аткара турган күнү чыны менен табакты сындырып алдым. Жаман ойлобой, сынган идишке түкүрүп, башымдан айландырып ыргытып жибердим. Ролду аткаргандан кийин «жаш актер Мадемилов жакшы ойдоду» деп калышты.

Аскердик милдетимди Москва шаарынан өтөп келгенден кийин кайра театрга бардым. Ч.Айтматовдун «Эрте жаздагы турналарын» койдук. Алгач даярданып, эртеси телевидениеге тартат дегенде мени балдар сабап кетишти. Мурдум талкаланып, көзүм шишиген абалда Кубаткулдун образын жараттым. Андан соң орус, дүйнө классикасынан ойнодук. Драматург Ж.Сыдыковдун «Мен арызданам» чыгармасында башкы каарманды ойноп, ошондо М.Рыскулов атындагы чоң сыйлыкка арзыгам.

Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде Султан Раев «Маң» чыгармасын жазган. Мен «Маң» спектаклинде 7-кишинин ролун ойнодум. Ошол спектакль менен республика боюнча баш байгени жеңип алдык. Андан соң Казакстанга, Өзбекстанга бардык. Өзбекстандын маданият министри келип, «актерлор деген ушундай болот» деп бизди жылуу кабыл алды.

Мындан сырткары куудулдардын концерттерине катышабыз. Аялым экөөбүз ырдап калабыз. Ат-Башы районундагы «Арууке апалар» тобун сынактарга даярдагам. Алар азыркыга чейин ийгиликтерди жаратып келишет», - деди ал.

Жумабек Мадемилов КРдин эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын ээси.

«Жалил Сыдыковдун «Мен арызданам» деген чыгармасында башкы каармандын ролун ойногом деп айтпадымбы. Ошондо ойноп жатканда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мурунку айдоочусу жүрөгү түшүп качып кетиптир. Себеби ал жерде аркы дүйнөгө барып, монолог айткан жерлерим бар болчу. Өзүм дагы коркком.

Ушул мезгилге чейин гейден баштап абышка, кемпир, дарыгер, профессор, өлгөн кишинин ролдоруна чейин ойноп чыккам», - деди ал.

Актер үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 эркек баласы жана 3 небереси бар. Жубайы дагы маданияттын мыкты кызматкери. Алар 1988-жылы баш кошуп, театрда чогуу эмгектенип келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×