Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 12.06.2019 18:01 На русском

«Кыш келди»: Алайда 15 см кар жаап, мал өлдү. Видео

Turmush -  Алай районунун Сары-Таш, Сары-Могол, Талды-Суу айыл өкмөттөрүндө калыңдыгы 15 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Баймамат Эмиловдун айтымында, айылдын тургундары чоң чыгымга учураган жок. Үч-Төбө айылындагы тургундардын Сары-Таштын жайлоосундагы 3-4 кою өлгөн.

Ал эми Сары-Могол айылынын тоолоруна кар калың жааган. Жергиликтүү тургундардын малы жайлоого чыга элек болгондуктан тургундар зыянга учураган эмес.

Буга чейин Turmush басылмасы 10-июнда Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылындагы Карагат, Ормузан жана башка жайлоолоруна 30 см кар жааганын жазган.

Алдын ала маалыматка караганда, анын кесепетинен 100дөй кой жана 10дон ашык бодо мал өлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×