Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 09.06.2019 20:00 На русском

Алай музыкалык драма театры быйылкы сезонду салтанаттуу жапты (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры 73-сезонун жапты, деп билдирди аймактык кабарчы.

73-сезон драматург Гүласал Алиеванын «3 сүрөттүү турмуш шапалагы» аттуу комедиясы менен жыйынтыкталды. Ал 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата акысыз коюлган. Ага райондогу турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын ата-энелери катышкан. Ошондой эле райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн, «Алай жаннат» мектебинин жана райондук билим берүү бөлүмүнүн айрым кызматкерлерине театрдын атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылган.

Салтанаттуу ишү-чарага Алай районунун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Шарабидин Ибраимов жана театрдын директору Алымкул Исаков да катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×