Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 28.05.2019 17:53

Алайда жакыр жашаган 6 үй-бүлөгө музоолуу уй берилди (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда турмуш шарты оор 6 үй-бүлөгө музоолуу уй берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Музоолуу уйлар балдарын жалгыз чоңойтуп жаткандарга жана үй-бүлөдө майып балдары же ата-энеси бар, ошондой эле көп балалуу үй-бүлөлөргө жеке ишкер тарабынан берилди. Жеке ишкер кыйынчылыкта күн кечирип жаткан үй-бүлөлөр үчүн жардам болсун деп орозо айына карата демилге көтөргөн.

Музоолуу уйларды тапшыруу учурунда райондун акими Замирбек Модокулов буга чейин жеке ишкер жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү ун, тамак-аш майы жана керектүү азык-түлүктөр менен камсыздап, 1 миң балага спорттук кийимдерди таратканын билдирди.

Саан уйларды алгандардын катарында Корул айыл өкмөтүнүн тургуну Жайлообай Примбаевдин үй-бүлөсү бар. Алардын үй-бүлөсүндө төрт адам жашаса, алардын экөө 2-топтогу майыптар. Ошондой эле Алай айыл өкмөтүнүн Аскалы айылынын тургуну — жалгыз бой баатыр эне Гүлжамал Койтокурованын 7 баласы болсо, Гүлчө айылынын тургуну Рысбү Адишованын 8 баласы бар. Жошолу айыл өкмөтүнүн тургуну Батма Карыеванын 3 баласынын бири майып, жолдошу да, өзү да эч жерде иштебейт. Саан уй алууга Ленин жана Будалык айыл өкмөтүнөн 2 үй-бүлө дагы келген.

Буга чейин Turmush басылмасы Алай районуна караштуу 5 айыл өкмөттө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына акысыз спорттук кийимдер таратылганын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×