Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 27.05.2019 18:32 На русском

Алайда 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташын үйлүү кылышты (сүрөт)

Turmush -  Алай районуна караштуу Чий-Талаа айылында 20 жылдык бүтүрүүчүлөр классташына үй куруп беришти. Бул тууралуу Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Жумабек Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени Чий-Талаа айылындагы Б.Абжапаров атындагы орто мектебинин 1999-жылкы бүтүрүүчүлөрү ишке ашырган.

«Биздин айыл өкмөттө жашаган көп балалуу Асылбек Жоошбековду классташтары үйлүү кылышты. Курулуш иштерин өткөн жылы башташып, 25-май күнү ачылыш аземин өткөрүштү. Биз 20 жылдык бүтүрүүчүлөргө айыл өкмөттүн ыраазычылык катын ыйгардык», - деди Ж.Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×