Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 27.05.2019 11:23

Ош облусунда 2 күн катары менен жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 26-май күнү саат 05:50 чамасында Ош облусунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Ноокат, Борбаш, Кара-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ал эми бүгүн, 27-май күнү дагы саат 00:30 чамасында Ош облусунда очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Алай районунун Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга чейин, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин жетти. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×