Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Чүй облусуКемин району 26.05.2019 19:55 На русском

Боомдо тоодон таштар кулап, чоң унааны талкалап салды. Видео

Turmush -  Бүгүн, 26-майда Боом капчыгайында таштар кулап, жүк ташуучу унаага тийди. Бул тууралуу окуяга күбө болгон Тимур Саралаев билдирди.

«Мен таңкы саат 06:40 чамасында Боом капчыгайындагы таш кулаган тилкеден өттүм. Чоң жүк ташуучу унаага таш тийген экен. Адамдар аман-эсен. Таш болжол менен саат 06:00 чамасында кулаган», - деди ал.

Ал эми Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына караганда, таш саат 5:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 139-чакырымында кулаган. Түшкөн таштарды №32 жол тейлөө ишканасынын өкүлдөрү тазалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×