Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Нарын облусуАт-Башы району 26.05.2019 09:09 На русском

Ат-Башынын Калинин айылында 450 миң сомго стела курулду

Turmush -  Ат-Башы районунун Калинин айылынын кире беришине Калинин деген жазуусу бар стела коюлду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, аны айылдагы мектепти 10 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчү курдурган. Анын ачылыш аземине жергиликтүү тургундар катышты. Курулуштун жалпы баасы 450 миң сомду түздү.

«Стеланын 4 устуну төгөрөктүн 4 бурчу. Алардын баштарынын биригүүсү — ынтымак. Бийиктеп асман тирегени өнүгүүнүн символу. Ортодогу көөкөр көчмөн кыргыз калкынын тиричилик буюму», - деп түшүндүрүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×