Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуНарын району 23.05.2019 19:30 На русском

Бир үй-бүлөдөгү трагедия: Жалгыз уулу асынып алганын уккан ата өз өмүрүн кыйды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында жалгыз уулунун каза болгонун уккан ата өз өмүрүн кыйды. Бул маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 20-май күнү саат 15:06 чамасында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө милициянын лейтенанты М.К. Куланак айылынын тургуну А.у.И. асынып каза болгонун билдирген. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, Куланак айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.у.И. саат 13:30 чамасында өзү жашаган үйдүн мал короосуна кирип, асынып алгандыгы аныкталган. Маркумдун денесин сырттан кароо учурунда күч колдонулган белгилер байкалган эмес. Учурда аталган окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Маркум алты бир тууган, үй-бүлөдөгү жалгыз уул болгон.

Ошол эле күнү саат 19:25 чамасында Нарын ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Нарын шаарынын «Береке» базарынын түндүк тарабындагы шагыл ташуучу жайда адамдын денеси табылганы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ШИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, нөөмөт бөлүмүнө маалымат берген адамдар суралган. Анын жыйынтыгында Куланак айылында өз жанын кыйган 1999-жылы туулган А.у.И.нин Нарын шаарында иштеп жүргөн атасы Нарын дарыясынын жээгиндеги бакка зым менен асынып алганы белгилүү болгон. Маркум 1973-жылы туулган А.А. экендиги аныкталды.

Анын жансыз денесин Нарын шаарынын 1965-жылы туулган тургуну — маркумдун бир тууган агасы А.О. издеп жүрүп тапкан. Денени сырттан кароо учурунда моюнунда зымдын изи байкалып, башка эч кандай күч колдонулган белгилер аныкталган эмес.

Маркумдун бир тууган агасы А.О. эч кимге доосу жок экенин айтып, милицияга арыз жазуудан жана инисинин денесин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан. Ал инисинин сөөгүн Куланак айылына алып кетти. Учурда аталган факт боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×