Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Талас облусу, Талас 23.05.2019 14:56

Таласка келген министр Кашкар Жунушалиевге эмнелерди көрсөтүштү? (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 23-майда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Талас шаарына иш сапар менен келди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, министр Талас облустук биргелешкен ооруканасынын имаратында жайгашкан медициналык палата менен таанышып чыкты. Бул палата бардык шарттар жана заманбап техникалар менен жабдылган. Мында милиция кызматкерлери ден соолугун чыңдашат.

К.Жунушалиев андан соң Талас облустук милициясынын имаратында «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштеген мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборун ачуу аземине катышты. Анда Талас ОИИБдин жетекчиси Алмазбек Жумабеков документтерди текшерүү процесси кандайча жүрө тургандыгын, жарандарды тейлөө тартиби жана көрсөтүлө турган кызматтар жөнүндө айтып берди.

«Бирдиктүү терезе» принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Талас облусунун жашоочуларына адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы, тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону, соттолбогону тууралуу тактамаларды, кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын, жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды берүү кызматтарын аткарат.

Жогоруда аталган иш-чаралардын соңунда министр Талас облустук ички иштер башкармалыгына жаңы берилген соттолуучуларды ташуучу жана кызматтык унаалардын учурдагы абалы менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×