Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 08.05.2019 18:52

Алайдагы жалгыз ардагер — 100 жашка чыккан Суранбай Алиев сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Улуу Ата Мекендик согуштун Алай районундагы жалгыз ардагери Суранбай Алиев сыйланып, концерттик программа тартууланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жошолу айыл өкмөтүнүн тургуну — 100 жашка чыккан Суранбай Алиевден Алай районунун акими Замир Молдокулов, Алай райондук аскер комиссары Айбек Сатимбай уулу, аксакалдар кеңешинин төрагасы Жаркынбай ажы Момунов кабар алып, акчалай сыйлык жана азык-түлүк тапшырышты. Андан соң мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×