Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 08.05.2019 08:25

Алайда сабалган 3 майып жигит: Шектүү катары бир адам кармалды

Шектүү
Шектүү

Turmush -  Алайда мүмкүнчүлүгү чектелген 3 жигитке карата жасалган бейбаштык фактысы боюнча бир жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургундары социалдык тармактарга бала уурдоо үчүн келген жигиттер жөнүндө тараткан видео талкууга алынып, ал маалыматты тактоо максатында 30-апрель күнү Алай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан аталган окуя Жазык кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Ээнбаштык) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

3-майда Алайда сабалган 3 дудук жигиттин ата-энелери, тактап айтканда Н.у.Т.нын апасы, А.у.К.нын атасы жана Б.у.М.нын агасы аталган окуя боюнча Ош ОИИБге арыз менен кайрылышкан. Алардын арыздары окуя болгон аймактагы Алай РИИБге жөнөтүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, Алай РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 3 майып жигитке — Н.у.Т., А.у.К. жана Б.у.М.га соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Жабырлануучулардын көрсөтмөлөрүн которуп, түшүндүрүү үчүн котормочу мугалим чакырылган.

Тергөө учурунда Алай районунун Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын жашоочулары — Ө.А., К.Ж., С.Н., Б.Ж., К.Н, А.Ж. жана А.Ы. (аял киши) күбө катары суракка алынган. Ошондой эле Алай районунун Корул айыл аймагынын Кең-Жылга айылынын 1982-жылы туулган тургуну К.Ж. шектүү катары суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин (Кылмыш жасады деген шектенүү менен кармалгандарды камакта кармоо) негизинде Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эч жерде иштебейт жана мурда соттолгон эмес. Шектүү 3 баланын атасы.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Буга чейин Turmush басылмасы 6-май күнү «жаш балдарды уурдаганы келишкен» деп Алайда сабалган 3 майып жигиттин ата-энелери, достору жана туугандары Ош шаарынын борбордук аянтына тынчтык митингге чыгышканын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×