Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 07.05.2019 09:59

Алайда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү 1000 балага спорттук кийимдер таратылды (сүрөт)

Алай району
Алай району

Turmush -  Алай районуна караштуу 5 айыл өкмөттө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына акысыз спорттук кийимдер таратылды. Бул тууралуу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Залкарбек Каримов билдирди.

Анын айтымында, ар бир айыл өкмөттөн 200 балага спорттук кийимдер берилди.

«Будалык, Жошолу, Коңур-Дөбө, Гүлчө, Корул айыл өкмөттөрүндө социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга баасы 700 сом болгон спорттук кийимдер таратылды. Демилгени будалыктык жеке ишкер каржылап, кийимдер орозо айына карата 1000 балага тапшырылды. Жеке ишкер былтыр Корул жана Будалык айыл өкмөттөрүндөгү 250 үй-бүлөгө 250 кап ун жана 1 тоннадай тамак-аш майын тараткан», - деди З.Каримов.

Алай району

Алай районунда жалпысынан 14 айыл өкмөт бар. Анын ичинен 2 айыл өкмөт дотациядан чыккан. Район боюнча бюджети эң көп Гүлчө айыл өкмөтүндө 17 миң 814 адам жашайт. Бюджети 40 млн 445 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×