Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ош облусуАлай району 05.05.2019 14:50 На русском

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Арын Маманов 102 жашында көз жумду (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 102 жаштагы ардагери Арын Маманов каза болду. Бул тууралуу анын туугандары билдирди.

Арын Маманов 3-май күнү көз жумуп, кечээ жерге берилген. Ардагер Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Согонду айылында жашап жаткан. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына Алай районунун акими Замир Молдокулов, акимдин орун басары, айыл өкмөт башчылары жана аксакалдар катышты.

Ал 1917-жылы төрөлүп, 1939-жылы аскерге чакырылып, Минск, Санк-Петербург шаарларында кызмат өтөгөн. Андан соң 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Сталинград шаарына барып, андан кийин Фин согушуна катышып, 1946-жылга чейин Францияда болгон. Маркум 1946- жылы мекенине кайтып келген. Анын 4 уул, 4 кыз, 32 небереси бар.

Буга чейин ушул жылдын 21-апрелинде 96 жаштагы ардагер Дөөлөт Боронов каза болгон. Учурда Алайда согуштун жалгыз ардагери — 100 жаштагы Суранбай Алиев жашап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×