Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуАлай району 03.05.2019 16:25

Алайда 3 майып жигитти «бала уурдашат» деп сабашкан: Окуянын чоо-жайы (видео)

Turmush -  Интернетке белгисиз 3 жигит «жаш балдарды уурдаганга даярданып жаткан жеринен кармалды» деген видео тараган. Ал видеодон жергиликтүү тургундар үч дудук жигитти чөнтөк телефонго видеого тартышып, милицияга кайрылып жатышканын көрүүгө болот.

Аталган видео Ош облусунун Алай районунун Корул айылында тартылганы белгилүү болду. Корул айылдык кеңешинин депутаты Санатбек Зарипбек уулу айылда аталган 3 жигит жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып жатканын аймактык кабарчыга билдирди.

«Окуя апрель айынын аягында болгон. Айылда "3 белгисиз адам балдарды уурдаганы жатат" деген маалымат тараган. Ал окуя боюнча учурда милиция текшерүү жүргүзүп жатат. Айрымдар 3 бала дудук экен десе, айрымдары алардын сүйлөгөнүн укканын айтып жатышат. Буга чейин "балдарды уурдап жатат" деген маалымат тарагандыктан, балдар мектепке баруудан кооптонуп калышкан», - деди ал.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 3 жигит тарабынан бала урдоого эч кандай аракет болбогонун айтты.

«Видео 2019-жылдын 28-апрелинде тартылыптыр. "Бала уурдаганы жатат" делген 3 бала 1994-жылы туулган балдар экен. Алардын экөө Ноокат районунун, бири Алай районунун тургуну. Алар чын эле дудук балдар экени аныкталды. Үчөө календарь, калем сатып оокат кылышат экен. Ошол учурда алар Алай районуна орозо айынын календарын сатып келишип, эшек минип бара жаткан балага жолугуп, "сүрөткө түшүп алалы" деп ымдаганда жаш бала түшүнбөй калыптыр. Ошондон кийин "бала уурдаганы жатышат" деген маалымат тарап кеткен. Андан кийин жергиликтүү тургундар балдарды кармап алышып, урушкан. Учурда дудук балдардын токмоктолушу боюнча факты кылмыштарды каттоо китебине катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Дудук балдардын ата-энелери аларды токмоктолгону боюнча медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатышат», - деди Ж.Аширбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×