Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусу, Нарын 18.04.2019 18:47

Нарындан чыккан акындар поэзия кечесинде конокто болушту

Turmush -  Бүгүн, 18-апрелде С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалыматтык китепканасында 23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата «Поэзия кечеси Нарында мейманда» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Поэзия кечесине акын, котормочу, КРдин маданиятына эмгеги сиңген ишмер Ысмайыл Кадыров, акын, журналист, юрист Жедигер Саалаев жана жаш акын Акбар Кубанычбеков конок катары чакырылган. Ошондой эле бул иш-чарага Нарын облусунун жетекчисинин орун басары Ж.Ибраева катышып, бардык китеп сүйүүчүлөрдү куттуктап, окуучуларды жана студенттерди китепти көп окууга үндөдү.

Иш-чарада китеп көргөзмөсү да уюштурулган.

Чакырылган конокторго катышуучулар тарабынан кызыктуу суроолор берилип, акындардын ырлары окулду. Жыйынтыгында акындар өздөрүнүн калемине тандык китептерин китепканага белек кылып тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×