Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 18.04.2019 16:58 На русском

Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылына кой кыркуучу техникалар келди (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылына кой кыркуучу техникалар келип, элге жеңилдик болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кой кыркуучу техникалар АРИСтин Айыл инвестициясы жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча долбоорунун алкагында келген.

Ача-Кайыңды айыл өкмөтүнүн астындагы жайыт комитетинин төрагасы Мирлан Ноорузбаев атайын топ кой кыркууга керектүү шаймандар менен жайлоого чейин барып, кызмат көрсөтүшөрүн белгиледи.

«Биз айыл аймакта 2 жумадан бери көчмө кыркын пунктун уюштуруп жатабыз. Көчмө пункт алганбыз. Мал көбөйүп жаткандыктан атайын мобилдик топ түзүп, тапшырып бердик. Май айында жайлоого чыгып кызмат көрсөтүшөт. Бааларды айылдык кеңеш бекитип берген. 1 койду 35 сомдон кыркып жатышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×