Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Талас облусуТалас району 18.04.2019 13:24 На русском

Спорт жана сүйүү: Кыргызстандык балбан С.Надырбеков менен спортчу бийкеч Каным Бургхан кызы АКШда баш кошушту. Сүрөт

Turmush -  Таластык балбан Самат Надырбеков менен Бургхан кызы Каным Америкада баш кошуп, иштеп жатышат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алыстагы жубайлардан кабар алды.

Каным айым 21 жашта. Талас районунун Балбал айылынын кызы. Кесиби боюнча дене тарбиячы мугалим жана машыктыруучу. Алгач эркин күрөш менен машыгып баштаган. Кийин дзюдо, самбо, оор атлетика, таяк тартыш менен машыгып, Азия, Европа мамлекеттеринде өткөн эл аралык турнирлерге катышып, бир катар ийгиликтерге жетишкен. Таяк тартыш боюнча көптөгөн эл аралык турнирлерде калыстык кылган.

«Жолдошум менен спортко жаңы кадам таштап жаткан учурда, мындан 5 жыл мурда спортчу кесиптеш катары таанышканбыз. Ашыкча мамиле болгон эмес. Убакыттын өтүшү менен турмуш курууну сунуштады. Алгач ата-энемдин макулдугу болду. Жолдошум азыркы учурдагы көп жигиттерден айырмаланган, намыстуу, ыймандуу, өзгөчө өзүмдүн чөйрөмдөгү адам болгону үчүн макул болгом. Америкага турнирге келгенде жолдошумдан үйлөнүү сунушун кабыл алдым. 2019-жылдын январь айында баш коштук. Америкада үйлөнгөнүбүзгө байланыштуу Кыргызстанда ата-энелерибиз кудалашып, андан кийин биз бул жакта шарият жолу менен динибиздин, салтыбыздын негизинде, мекендештерибиздин катышуусунда үйлөндүк.

Турмушка чыккандан кийин да спорттон алыстаган жокмун. Учурда тил үйрөнүп жатам. Жолдошум да спортчу болгондуктан менин кесибимди түшүнүү менен кабыл алып, эч кандай тоскоолдук кылган жок», - деди ал.

28 жаштагы Самат Надырбек уулу Талас облусунун Арашан айылында чоңойгон. Эркин күрөш менен машыгып, эл аралык мелдештерде ийгиликтерге жетишкен. Учурда Американын Питтсбург шаарындагы университетте машыгып жатат.

«Канымды кичине кезинен бери жакшы тааныйм. Ыймандуу, акылдуу, сулуу, түз жүрүп, түз турган кыз. Спортчу болсо дагы өзүнүн назиктигин, кызга тиешелүү болгон сапаттарын жоготкон эмес. Жашоодо өз максатын жакшы билгендигин жана башка көптөгөн мыкты сапаттарын жактырчумун. Сыртынан байкап, көз салып жүрчүмүн. Чоңойгондо менин кыялымдагыдай кыз болуп чоңойду (күлүп). Каным Америкадагы турнирге келгенде кайра Кыргызстанга кетирип, жоготуп алуудан корктум. Таласта ата-энемди куда түшүүгө жиберип, өзүбүз бул жакта үйлөндүк. Канымды ден соолугу үчүн спортту таштаба деп турам. Келечекке пландар көп», - деди ал.

Спортчу жубайлар жөнүндө маалымат:

Turmush басылмасы буга чейин 2017-жылы Канымдан чакан маек алган. Ал өз сөзүндө 1997-жылы Таластын Балбал айылында туулгандыгын, үй-бүлөдө 7 бир тууган экендигин айткан. Атасы Молдобаев Бургхан ажы спорт чебери, коомдук ишмер. Апасы Бешкемпирова Гүлмира жогорку билимдүү баатыр эне.

Өзү Европа жана Азиядагы бир катар эл аралык спорттук мелдештерде алдыңкы байгелерди багындырган.

- Каным, кайсы мектептен жана кайсы жогорку окуу жайдан окудуң?

- 2004-2013-жылдары Талас районуна караштуу Бал-Бал айылындагы мектепти бүтүрүп, 2013-2014-жылдары Талас шаарындагы атайын билим берүү заманбап технологиялык колледжин аяктагам. 2014-жылдан бери Бишкек шаарындагы Кыргыз-түрк «Манас» университетинин дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүндө окуп жатам.

- Спорттун кайсы түрүндө машыгасың? Кандай жетишкендиктериң бар?

- Эркин күрөш, дзюдо, самбо жана таяк тартыш, оор атлетика боюнча машыгам. КРнын биринчилигинде жана эл аралык турнирлердин чемпиону жана жеңүүчүсүмүн. 2013-жылы Моңголияда өткөн Азия биринчилигинде коло медалдын ээси, ошол эле жылы Казакстанда өткөн Евразия оюндарында 3-орунду ээлегем. 2014-жылы Тайландда, 2015-жылы Мьянмада жаштар арасында өткөн Азия биринчилигинде байгелүү орундарга татыдым. 2016-жылы Түркмөнстанда өткөн самбо боюнча Азия биринчилигинде 3-орунду жана ошол эле жылы Румыния мамлекетинде дүйнө биринчилигинде байгелүү орунду алдым.

Спортчу кыз келечекте үй-бүлө күтүп, ата-энесинин үмүтүн актаган кыздардан болгусу келе тургандыгын билдирген болчу.

Turmush басылмасынын кабарчысы 2019-жылдын март айында балбан Самат Надырбеков Американын Питтсбург шаарында эркин күрөш менен машыгып жаткандыгын жазган.

Самат мырза анда спорт менен алектенишине бир тууган агасы себеп болгондугун айткан.

«Менин 10 жашымда агам жаштар арасында дүйнөлүк чемпион болгон. Мен ошол күндөн тартып бул тармакка олуттуу көз караш менен карап, мен дагы агамдай болсом экен, жакшы жетишкендиктерге жетейин» деп машыгып жүрдүм. 9-класска чейин Таласта билим алдым. Андан кийин тажрыйба топтоо үчүн Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинен билим алдым. Ал жерде окуп жүрүп көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Азия биринчилигинде эки жолу медалдын ээси болдум. Дүйнөлүк универсиада оюндарынан күмүш медаль уттум. Дагы башка эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү аталдым. Албетте бул жеңиш жалгыз гана менин эмес, мекеним Кыргызстандын жеңиши», - деген ал.

Каарманыбыз буга катар АКШдагы жашоосу тууралуу айтып берген эле.

«Азыркы учурда АКШда Питтсбург шаарындагы университетте балдар менен тажрыйба бөлүшүп машыгып жатам. Алгач тилден кыйналып жүрдүм. Ага карабай балдар менен тил табышып, жакшы мамиледе сүйлөшүп жаттым. Анткени спорттун өзгөчө тили болот. Америкада машыгууга шарттар жакшы түзүлгөн. Буйруса келечекте биздин мекенибизде дагы чоң өзгөрүүлөр болот деп ойлойм. Анткени бизден чыккан күчтүү спортчулар көп. Буйруса дүйнө чемпиондугуна жетебиз деген тилек менен машыгып жатабыз», - деген ал.

Самат балбан үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×