Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Чүй облусуЖайыл району 18.04.2019 08:15 На русском

Кесиптештердин сүйүүсү: Куткаруучу Динальдина жоголуп кеткен 2 жаштагы кыздын окуясын унута албайт

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери Динальдина Рысалиева аймактык кабарчыга иш учурундагы окуяларын айтып берди.

«Ар кандай чалуулар түшөт. Айрымдарында жүрөк ооруса, кээ бир адамдардын ыйын угуп, эмне айтарыңды билбей каласың. Былтыр август айында бир окуя болду. Анда мен Ысык-Ата районунда иштеп жүргөм. Биздин байланыш түйүнгө кечке маал кабар түштү. Эки жаштагы кыз жоголуп кетиптир. Өзүм да эне болгон соң жүрөгүм "зырп" деп кетти. Биздин өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөн 30дай киши кичинекей кызды издөөгө жөнөп кетишти. Таң атып калган, кыздан дагы деле дайын жок. Түнү менен "каякка түнөдү? Аман бекен, эмне болду экен?" деп аябай сарсанаа болуп чыктым. Издөөгө кеткен куткаруучуларга улам телефон чалып сурайм, алар болсо, азырынча табыла элек деп жооп беришет. Ошентип бир маалда, саат 11:30 чамаларында "табылды" деп айтышты. Сүйүнгөнүмдөн ыйларымды билбей же күлөрүмдү билбей калгам. Ар бирибиздин эле балдарыбыз бар. Алардын кылыктары, баёо мүнөзү, күлкүсү жан дүйнөңдү эргитет эмеспи. Анан эле жакшынакай балаңды жоготуп жиберсең, эне үчүн андан өткөн арман жок болсо керек. Ата-эне аман, бала аман болсун деп тилейт элем. Мен байланыш түйүнүндө чалууларды кабыл алам. Көбүнчө өрт боюнча чакыруулар түшөт», - деди ал.

Динальдина Рысалиева 1991-жылы 9-октябрда Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Кант шаарында төрөлгөн.

«Атам Мелис Жумабеков нефти иштетүүчү заводдо эмгектенсе, апам Гүлнар Жумабекова үй кожойкеси. Өзүм беш бир тууганмын.

Мен бул куткаруучу кызматына чейин Ысык-Ата районунун аскер комиссариатында иштегем. Ошол жактан аскер кызматкерлерин көрүп, аларга аябай суктангам. Форма кийгим келчү. Бул кызыгуум келечектеги максатыма айланды. Ошентип кудайым буюруп, 2012-жылы август айында аскердик кызматына чакырылгам. Ошондон кийин куткаруучу кесибин аркалап калдым», - деди ал.

Динальдина Рысалиева ысымын жеңеси койгонун айтып берди.

«Ал эми Динальдина ысымымды жеңем койгон экен. Эч нерсени деле билдирбесе керек. Болгону жөнөкөй, жакшы ысым. Элдин баары атыма кызыгып, сурай беришет.

Бош убактым деле болбойт. Бош убакытымдын баарын балдарыма арнайм. Келечекте кыргыз элибизге ак ниет менен кызмат кыла бергим келет», - деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен жумуштан таанышкан.

«Ооба, жолдошум экөөбүз кесиптешбиз. Бир райондо иштегенбиз. Жолдошум Кара-Балтадан келип-кетип, Ысык-Ата ӨКБда иштечү. Ошентип чогуу иштеп жүрүп жакындан таанышканбыз. Кичи пейил, оор басырыктуу, орду менен сүйлөгөн, жөнөкөй, жашоого күлүп караган жигит. Экөөбүз бир жылдай жөн гана тааныш, кесиптеш болуп жүрдүк. Кийин бири-бирибизди жактырып, сүйүбүз от алып кетти. Ошентип көпкө созбой, баш кошуп алдык. Кудайга шүгүр, эки уулду тарбиялап, өстүрүп келе жатабыз. Дагы көп балалуу болобуз деп тилек кылабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×