Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусу, Ош 17.04.2019 23:29

Сүрөт — Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн сырты боёлуп жатат

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн жана мекеме-ишканалардын сырткы дубалдары боёлуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда борбордук Ленин, Курманжан датка, Масалиев көчөлөрүндөгү ондон ашуун көп кабаттуу үй жана жыйырмадан ашуун мамлекеттик мекемелердин сырты боёлгон. Шаардагы мындай оңдоп-түзөө иштерине жеригиликтүү тургундар дагы салымын кошуп жатышат.

19-апрелден 23-апрелге чейин шаарда «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» иш-чарасы өтөт. Анын расмий ачылышы 20-апрель күнү саат 20:00дө борбордук А.Сүйүмбаев стадионунда болот. Иш-чарага түрк тилдүү мамлекеттерден 400дөн ашуун конок келет деп күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×