Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАт-Башы району 17.04.2019 17:00

Элет көйгөйү: Картошканы 5 сомдон саткан Ат-Башыдагы дыйкандардын арманы

Turmush -  2018-жылы Нарын жергесинин тургундары картошканы мол өстүрүп, учурда арзан баада сатууга мажбур болушууда. Саткандан калганын төккөндөр дагы болгон. Аймактык кабарчы айрым тургундардын үнүн укту.

Нарын облусунда картошканын баасы 3 сомдон 5 сомго чейин болууда.

Кочкор районунун тургуну Марат Кожалиев: «Айыл чарба министрлигинин элге кереги жок. Жокко чыгарып койсок деле болот. Эч кандай жардамы жок. Эл өз жанын өзү багып жатат. Элдин камын ойлоп үрөн, жер семирткичтерди алып келип бериши керек. Бирок алар иш жүзүндө аткарышкан жок. Кочкордо картошка 3 сомдон бааланууда. Мүшөктөрдө жыйылып турат. Дыйкандарды өстүргүлө деп коюшат. Бирок сатуунун жолун таап бере албай жатышат», - деди ал.

Сатуучу Шаршенбек Сапаракунов Ат-Башы районунун тургуну.

«Дыйкандардын эмгеги акталбай жатат. Эгерде баа болсо дыйкандар көңүлдүү сатышмак. Өтүшү кыйын. Үрөн 15 сомдон 20 сомго чейин чыкчу. Бирок быйыл картошканы кой, үрөндү сураган киши жок», - деди ал.

Ат-Башы районунун тургуну Койчуман Карымшаков: «Үшүгөнү үшүдү, үшүбөгөнүн сатып жатам. 4-5 сомдон айланып жатат. Эч бир жерге өткөрө албайбыз. Чоңдору тандалып, майдасы калып калат. Картошкадан башка пайда алчу эч нерсе жок. Бирок илгери үмүт менен эгебиз. Мамлекеттен болсо эч пайда жок, тескерисинче салыктарын кубалап алышат.

Суу баскан 1 гектар аянт үчүн 300 сомго чейин ижара акысын беребиз. Өткөндө 3 гектарга 1070 сом төлөдүм», - деди ал.

Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Өмүрбек Жумаков тургундардын нааразычылыгына мындайча жооп берди.

«Ат-Башы районунун тармагы негизинен мал чарба. Тоют өндүрүү керек. Ошондуктан райондо көп жылдык чөптөр айдалат. Ушул максатта биз жыл башында кайсы айыл өкмөттөр эмне эгиши керек деп структурасын иштеп чыкканбыз. 2019-жылы жалпы 6123 гектарга айдоо пландаштырылган. Үрөн, арпа 70 пайыз жетиштүү. Айыл чарба министрлиги тарабынан үрөндөр жаңыртылып турат. Ал эми бааны ички жана сырткы базар чечет», - деди ал.

2018-жылы Ат-Башы району боюнча 27 000 тонна картошка өндүрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×