Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Ош облусуЧоң-Алай району 17.04.2019 15:59 На русском

Ысырапсыз той: Өмүрбек Тажикстандан жубайын алып келгенче достору чек арада күтүштү (видео, сүрөт)

Чоң-Алай району
Чоң-Алай району

Turmush -  Чоң-Алай районуна караштуу Чак айылынын 28 жаштагы тургуну Өмүрбек Садирдин уулу Тажикстандын Жерге-Тал айыл районуна караштуу Дубана айылындагы этникалык кыргыз кызга баш кошту. Ал жубайын 14-апрелде туугандары менен барып алып келген. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өмүрбек мырза жубайын ата-энесинин үйүнөн алып келгенче анын достору кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Карамык» чек ара бекетинде күтүп турушту.

«Жубайым менен Жерге-Талда иштеп жүрүп таанышып калгам. Эч кандай каршылык болгон жок. Чек ара бекетинен деле оңой өттүк», - деди Өмүрбек Садирдин уулу.

Анын агасы Эркин Акимбеков Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар менен алардын салттарында айырма бар экенин айтты.

«Аларда ашыкча ысырапкорчулукка жол берилбейт экен. Биздей шааң-шөкөт кылып, 15 түрдүү тамак койгон жок. Бирок аябай жакшы тосуп алышты. Чек арадан канча адам болсо да өтө берет экен. Биз эки унаада, 25 киши болуп бардык», - дейт Э.Акимбеков.

Ал эми турмушка чыгып жаткан кыздын эжеси Сомия Сулайманованын айтымында, Тажикстанда жашаган кыргыздарга эч кандай кысым болбойт.

«Өзүмдүн дүкөнүм, 70 сотых жерим бар. Мыйзамды сактасаң кыйынчылык болбойт. Этникалык кыргыздар көчүп жатышат, бирок алардын үйүндө кайра эле кыргыздар жайланышып жатышат. Менин ата журтум — Чоң-Алай. Туугандарымдын баары Жерге-Талда. Бул жактан көчүү оюмда жок», - деди Жерге-Талда жашаган Сомия Сулайманова.

Кечинде эки жаштын тою Чак айылындагы ресторандардын биринде өткөн. Бирок ага турмушка чыгып жаткан кыздын достору чакырылбай турганын айтышты. Анын курбусу жакын туугандарынын кызы болгон. Кыздын туугандары тойго 2 унаа менен келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×